Элвира Сурабалдиева: “Айдоочуларга айып пулдардын көбөйтүлүшү акыйкатсыздыкка алып келет”

-- Элвира Жыргалбековна, жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда, сиз долбоордо айрым талаштуу жагдайлар бар экенин айттыңыз. Мисалы, кайсылар?
-- Дүйнө жүзүндө баллдык система колдонулат. Эреже бузуу көбөйгөн сайын балл да көбөйүп отуруп, акырында айдоочулук укуктан ажыратылат. А бизде болсо айып пулдарды көбөйтүп жатабыз, ал болсо акыйкатсыздыкка алып келет. Колунда бар адам айып төлөп кутулат, колунда жок адам болсо түрмөгө түшөт. Дагы бир жагдай, эгер сизди МАИ кызматкери мас абалда токтотсо, айдоочулук күбөлүгүңүз жаныңызда болсо үч жылга, а эгер күбөлүгүңүз жок болсо үч суткага камалат экенсиз. Бул деген нонсенс да! Мыйзам долбоорунда ушинтип жазылыптыр. “Бизде маалымат базасы бар, текшергенде кимдин айдоочулук укугу бар, кимдики жок экени чыгат” дейт. А текшерген МАИчинин жанында планшети жок болуп калсачы?
-- Бизде жол кырсыктарынын, мас абалда рулга отургандардын кесепетинен адам өлүмү көбөйүп кеткенинен улам эреже бузгандарга карата жазалар катуулатылышын коомчулук талап кылып жатпайбы?
-- Мен бул багыттта реформанын зарылдыгын айтып жатам. Дүйнө жүзүндө, мисалы, ислам өлкөлөрүндө айдоочу мас абалда кармалса, үч айдан эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок, ал жакта мен жогоруда айткандай, баллдык система бар. Эреже бузган сайын ал баллдар көбөйүп отуруп, акыр аягында өмүр бою унаа айдоо укугунан ажыратылат. А бизде коррупциялык жол менен кайра эле айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алган учурлар болуп атпайбы.
-- Анда баллдык система натыйжа берет дейсизби?
-- Албетте. Бул дүйнөлүк практика.
"Азия Ньюс" гезити