Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талибандар өлүм жазасын киргизип жана кылмышкердин колун кесе турганын жарыялады

Талибандар өлүм жазасын киргизип жана кылмышкердин колун кесе турганын жарыялады

27-сентябрь, 12:16
1 425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) террористтик кыймылынын өкүлү Норуддин Тураби аталган уюм өлүм жазасын жана кылмыш үчүн адамдын колун кесип салуу жазасын киргизүүгө ниеттенип жатканын маалымдады.  

Тураби дүйнөнү “Талибандын” ишине кийлигишпөөгө чакырды жана өлүм жазасы эл алдында болбой турганын кошумчалады.

“Бизди стадиондогу жаза үчүн сынга алып келишет, бирок биз алардын мыйзамдары тууралуу эч нерсе деген эмеспиз. Бизге биздин мыйзамдар кандай боло турганын эч ким көрсөтмө бере албайт” деп айтты Тураби.

Эскерте кетсек, бийликти басып алгандан соң талибандардын бийлиги баардык эл аралык конвенцияларды кармана турганын, аялдар билим алып жана иштей ала турганын жарыялаган болчу.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер