Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карамушкинанын шайлоого атсалышканы Атамбаевдин саясатка кайтып келишине төлгөбү?

Карамушкинанын шайлоого атсалышканы Атамбаевдин саясатка кайтып келишине төлгөбү?

02-июль, 20:21
2 654 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Свердлов бир мандаттуу округунан Ирина Карамушкина талапкерлигин коюп, орус тилдүү катмарга таасир этүүдө. “Социал-демократтар” партиясынын тарапташтары арбып баратат, кайсы бир бөлүгү да ооп кетиши мүмкүн. Бул жерде чоң саясый коңгуроо да кагылгандай... 

Эпосубуздан алсак, Манас өлгөндөн кийин Семетейдин тоюнда Каныкей ырымдап, “Тайторуну” ат чабышка кошот эмеспи. Төлгө сыңарындай. Ошондо “Тайтору” алты жүз аттын алдында келип, баш байгени илип кетет. Бул көрүнүш Манастын ордун жоктотпой, уулу Семетейдин такка келишин, душмандардын мизин майтара турганын каңкуулайт. 

Кызыгы, Ирина Карамушкина Свердлов округунан жеңишке жетсе, мандат алса, анда Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайрылып келишин ырастайбы? Азыркынын төлгөсү өңдүү карайлыбы? Ушул өңүттөн алганда, көп маалыматтар чыга элек да...

Ал эми “Социал-демократтар” соңку жылдары активдүү иштешип, эл менен жакындан баарлашып, кырдаалдын күрөө тамырын кармоого бараткандай. Артта калдайып Алмазбек Атамбаев турганда, дагы эле шанс барбы? Реванш алууга аракеттери күчпү? Бирок тымызын окшойт. Баам сала туралы.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер