Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, коомдук ишмер: “9%дык чек – бул адилетсиз жана коркунучтуу”

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, коомдук ишмер: “9%дык чек – бул адилетсиз жана коркунучтуу”

18-октябрь, 14:57
518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстандагы шайлоо процессинин босогосу боюнча коомчулукка кайрылып, ачуу пикир айттыңыз. Бул чектин кандай терс таасири бар?

-- Бүгүнкү күндөгү 9%дык чек – бул адилетсиз жана коркунучтуу болуп эсептелет. Эмне үчүн адилетсиз? Анткени парламент  мамлекеттеги ар кандай социалдык катмарлардын, ар кандай идеологиялык көз караштын мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Ал эми бүгүнкү күндөгү 9% чек менен парламентке жөнөкөй адамдар, колунда жок адамдар, айылдан чыккан адамдар, мугалимдер менен врачтар эч убакта келе албайт. Парламентке байлар, олигархтар гана келүүгө бүгүнкү күндө шарт түзүлүп жатат. Эмне үчүн коркунучтуу? Эгерде парламентке жалаң эле акчалуулар келе турган болсо, олигархтар гана келе турган болсо, анда парламент менен бийлик менен элдин ортосундагы ажырым күндөн-күнгө ажырай берет дагы, ал коркунучтуу чекке барып калышы мүмкүн. Ошон үчүн коркунучтуу. Дүйнөнүн баардык жакшы мамлекеттеринде 2% менен 5%дын ортосунда.   Европада ушундай чектер коюлган. Ал эми өткөн жылы Грузияда бул чекти таптакыр алып таштады. Ал эми Армения 5%дык чекти кармап турат. Биз 9%ды, Түркия 10%ды кармап жатабыз. Бул менин оюмча, көпчүлүк саясатчылардын пикиринде туура эмес болуп эсептелет. Ошондуктан биринчи кезекте президенттен, парламенттен, граждандык коомдук уюмдардын, ММКнын өкүлдөрүнөн суранар элем, 9%дык барерьди шайлоого чейин карап чыгып, 2-3%га түшүргөнгө аракет кылалы. Бул мен айткандай эле 2-3%дык чек, парламентке ар кандай социалдык катмарлардын келишине, ар кандай идеологиялык көз караштагы адамдардын келишине жана Кыргызстандагы саясатты стабилдештирүүгө бир топ жакшы шарт түзөт. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер