Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев кантип Бакиев менен Сокеге теңелип калды?..

Атамбаев кантип Бакиев менен Сокеге теңелип калды?..

10-март, 19:30
639 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

14-февралда Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Ал эми 13-февралда атайын кызматтан Сооронбай Жээнбеков менен тымызын жолугуп, бири-бирин кечиришкени кандай? Бул боюнча саясый элитада катуу сөз жүрүп, бүтпөй келет. Көп өтпөй Дубайдан экс-президенттер менен “жүздөштү”, баары элдин кыжырларын келтиришти. Ортодон бийлик да жаманатты болду. Айтор, коомчулук баарын таразалап турат. 

Эң маанилүү нерсе, Курманбек, Жаныш Бакиевдер беш жылдагы бийлигине таянышканы, 60 чакты буюртма өлтүрүүлөрдү жасашканы, кийин 7-апрелде кан төгүшүп, 87 адам набыт кеткен. Жаракат алышып, майып болушкандар андан көп эле. Мындай орду толгус жоготуулар эч убакта кечирилбейт. 

Ал эми Сооронбай Жээнбековго келсек, Кой-Таш окуясы көз алдыбызга тартылат. Бишкектин өйдөңкү зонасындагы миңден ашык элди сабатып, сыздатып салганы жашыруун эмес. Кордук көргөн калың катмар эч нерсени унутпайт... Атамбаев абактан чыкан соң “Сокени Кудайга койдум” дегени түшүнүксүз маанайды жараткан. Көрсө, камактан чыккыча эле кечиришип, эски досторчо “жытташып” кетишкен тура. А Кой-Таштан камалган, таякталган эл унутулуп калабы? Саясый, укуктук баа берилиши керек да. 

Кыскасы, Бакиев менен Сокеге жолуккан Атамбаев калдайган калкты нааразы кылды. Булардын бири-биринен эмне айырмасы бар? Бап келишти да. Ортодо алданган катмар гана кыжырданып кала берди... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер