Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мугалимди иштен ала бергидей мектеп “Шарашкиндин конторасы” болуп калганбы?

Мугалимди иштен ала бергидей мектеп “Шарашкиндин конторасы” болуп калганбы?

02-февраль, 09:00
640 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын мугалими окуучуну бир чаап койгону үчүн иштен кетти. Себеби, баланын ата-энеси “аны иштен алгыла” деп ультиматум коюптур. Билим берүү министрлиги мугалимдерди коргойбу же мугалим байкуш арызчыл ата-энелердин, чынтийбес балдардын курмандыгы боло береби? Мектепте бейбаштык кылган, тартиби жок, үйүнөн тарбия көрбөгөн эркеталтаң балдарды тартипке чакырыш үчүн мугалим аргасыздан какыс-кукус кылып баланы чаап койгону үчүн мугалимди иштен айдоо – бул мыйзамсыздык. Мындай конфликттик кырдаалда баланын денесине канчалык зыян келгенин экспертиза гана аныктайт. Укук коргоо органдары териштирип, сот чечим чыгарат. Анан бир ата-эне “мугалимди кетир” деп арызданса эле мугалимди иштен ала бергидей мектеп “Шарашкиндин конторасы” болуп калганбы?

“Энеси болушчаактын кызы ыйлаак” дейт элибизде. Эркеталтаң, тартипсиз, маңкурт чалыш балдарды окутуп, тарбиялап берип жаткан мугалимдерге рахмат айтыштын ордуна минтип иштен айдоо мугалимдин кадыр-баркына доо кетирет. Тескерисинче, жарыбаган айлык менен иштеп жаткан мугалимдерди колдоо, коргоо керек. 


"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер