Калдарбек Абдраманов: “Биз жаңы министрди тандабай, тармакты оңдоо программасын издейли”

-- Агай, мурда эле кыргыз медицинасындагы оор абал тууралуу күйүп-бышып айтып келген, көпчүлүктүн үнүн жеткирген эл адамы, мыкты дарыгерисиз. Бул тармактагы бүгүнкү абал тууралуу да окурмандар сиздин калыс сөзүңүздү күткөндөй...
-- Медицинанын “мышык ыйлаар” акыбалы жөнүндө, аны оңдоонун жолун көрсөткөн программамды акыркы он жылдан бери тынбай айтып, жазып келатам. Жооптуу жетекчилер укса да укмаксан, көрсө да көрмөксөн болуп келишет. Демек, азыркы акыбал он жылдап медицинага болгон элдин, өкмөттүн мамилесин көрсөтөт десек туура болот. Мен орто жетекчи катары 9 министр менен иштедим. Адам, врач катары баарын сыйлайм, бирок, алардын бирөө да медицинаны оңдоонун реалдуу жолун көрсөтө алышпады, жеке программаларын көрө албадым. Жыйынтыгын көрүп турабыз. Жыйырма жыл мурун кандай болсо, ошол бойдон калды. Албетте, жеке менчик медицинанын жетишкендиктерин, бирин-экин жаңылыктарды эске албаганда. Демек, медицинаны оңдош үчүн министрлерди алмаштыруу эле жетишсиз. Биз жаңы министрди тандабай, тармакты оңдоо программасын издешибиз керек. Ошондо бул жагы өнүгөт.
Албетте, министрден көп нерсе көз каранды. Ошондуктан министрлерди, жетекчилерди тандаганда президентибиз айткандай конкурстук негизде, тажрыйбалуу, тармакты ичинен жакшы билген, аны оңдоонун жолун көрсөткөн, программасы бар инсанды тандашыбыз зарыл. Сөзсүз талапкерди жана анын программасын коомдук талкууга койгон оң. Ошондо татыктуу, тармакты оңдой алчу жетекчи келет эле. Ал эми жеке Алымкадыр мырзанын акыбалы жөнүндө эч нерсе айта албайм. Бирок, ал тармакты реформалоону программасыз эле, эффективдүү командасыз эле жеке күчүнө ишенип, “өзүм жүргүзөм” деп аракет жасады. Ийгиликтерге да жетишти. Бирок, көп учурда түшүнүксүз кадамдарды жасап коюп жатты. Жыйынтыгын көрдүңөр. Эмне болгондо да азыр тармак реалдуу системалык реформалоого муктаж жана ал эбак эле зарыл болчу. Ушундай шартта, жаңы жетекчилерге менин каалоом туруктуулук жана компетенттүүлүк! Өзгөчө системалык кайра курууну, жаңыча кадамдарды жасоосун каалайт элем.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити