Келечекте Бекболот Талгарбековго КР Эл Баатыры наамы берилери шексиз
Жакында мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Марыгандар төрт жүздөн ашык экен. Айрымдары гана татыктуу болбосо, көпчүлүгү өң-таанышка жараша сыйлангандарбы?..
Ооба, тарыхты эч ким сызып сала албайт. Убагында айыл чарбасын реформа кылып, карапайым калкты жер үлүштөрү, мал чарбасы менен камсыз кылган экс-министр Бекболот Талгарбековго КР Эл Баатыры наамы берилиши керек эле. Бул бийлик бербесе, кийинки келгендер ыйгарышары шексиз. Азыркы “баатырлар” учурунда мамлекетти талап-тоношуп, чиригенче байыгандар экени айтылууда. Апас Жумагулов баш болуп, ар бир келген президентке жагынгандар, “күн тийген жердин күкүгүнө” айлангандар эмеспи? Аларга каарманыбызды салыштыра албайбыз. Асман менен жердей. Маселен, Бекболот ага кайсы гана кызматты аркалабасын, таза, так иштеп, артынан сөз ээрчитпептир. Көп жылдан бери саясатка, коомдук турмушка жараша үн катып, аксакалдык калыстыгынан тайбай, башчыларга сын-пикирин айтып келет. Алмазбек Атамбаевдин доорунда ак жеринен караланып, адилеттүү сөзү үчүн үч жылга жакын түрмөдө отурса да майтарылбай чыкты. Өзүнүн беттегенин бербей, акырына чейин күрөштү.
Учурда Бекболот Талгарбеков саясый кырдаалды анализдеп, шакирти Камчыбек Ташиев экинин бири катары мамлекетти башкарып атканы үчүн сабыр кылып, убактылуу тыныгууда. Бирок, башка төбөлдөргө карата кыраатына келтире айта турган ачуу кеби болсо керек. Күтө туралы.