Жумуштан чарчап келгенимди милдет кылганыма өкүнөм

“Чачыңды жыйначы”. Таң эрте туруп ушинтип айтар элем. Узун кара чачы оозума чейин кирип кетчү. Азыр көз жашымды агызып коюп, жаздыгын карап жатам. Аныкы эмес, менин төшүмдөгү мобу жүрөк токтосо болмок.
Кечээ биринчи жолу почтага барып, свет, суу, газдын акысын төлөп келдим. Кезекте туруп алдыдагы кемпирден, андан кийин почточу эжеден уруш уктум. Жаш баладай ыйлап жибердим. Баары унчукпай калышты. Жок, уруш укканыма ыза болбодум, өзүм туура эмес кылдым. Болгону аялымды эстедим. Кайрып берген тыйынды да албай чыгып кеттим.
Кызымдын чачын байлай албай эки саат отурдум. “Ата, мен кечиктим, сабакка барбай эле коёюн” деди. Эжесине чалып айтып койдум. Бөлмөмө кирип алып дагы ыйладым. Уулумду кайненемден алып келдим. Апасын издеп, бөлмөлөрдүн эшигин ача баштады. Артынан оозумду бекем кымтып алып басып жүрдүм. Мультфильмин коюп бердим. Бөлмөмө кирип алып дагы ыйладым.
Картошка куурусам эзилип кетти. Ботком окшошпой калды. Дүкөнгө барып колбаса алып келдим. Балдардын курсагын эптеп тойгузумуш болдум. Биринчи жолу ысык тамак ичпей уктадык. Балдарымды тиктеп отуруп дагы ыйладым.
Үйгө келсем жаркылдап жубайым эмес, муздак аба тосуп алды. Айлананын баары чачылган, кир. Аялымдын фартугун кийип, музыканы чоң кылып койдум да, үйдү тазалай баштадым. Демейде “акырын болгулачы” деп жетип келген кошуналар жок. Бир маалда өзүмө келсем, музыка эбак эле бүтүп калыптыр. Анын ордуна менин ыйым болуп жаткан экен.
Балдарым эле кармап турат. Алар болбосо өзүмө жооп бере албайт элем. Күн сайын апасы экөөбүз жөнүндө жомок айтып берем. Кызым баарын түшүнүп турат, бирок унчукпайт. Жөн гана чуркап келип мени кучактап ыйлап алат.
Аялым жок мен эч ким эмес экенмин. Ал кылган жумуштарды кылып жүрүп, мойнунда канчалык чоң жүк көтөрүп жүргөнүн, ага дегеле ыраазы болбогон күндөрүмдү эстеп өкүндүм.
Бүгүн сүйгүлө. Бүгүн барктагыла. Бүгүн сыйлагыла. Бүгүн кучактап өпкүлө. Бүгүн рахмат айткыла. Бүгүн ыраазы болгула. Бүгүн, угуп жатасыңарбы, бүгүн!..