» Саясат » “Тууга тийбе, сууга сийбе” деп аткан Рыспай Исаков 180 градуска бурулганда
“Тууга тийбе, сууга сийбе” деп аткан Рыспай Исаков 180 градуска бурулганда
13-январь, 21:53
889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Башында “Тууга тийбе, сууга сийбе” деп жазып аткан Рыспай Исаков 180 градуска өзгөрүп, жаңы желектин илиниши менен кошомат кылып, куру сөзү менен колдурап, эми гана эгемендүүлүккө жеткендей сүйлөп, тантырап жатты. Алгачкы туубузду колдоп жатып, күтүүсүздөн эле өзгөрүп кетип, жагымпоздук жагынан камчы салдырбай, кайсы бир кожоюндарынын астында “шыйпаңдады” го? Манас айткан адам туруктуу, бир позицияны карманган, улутка күйгөн адам болуш керек да. Тилекке каршы, Рыспай Исаков ойт бермелиги менен иренжитти.