“Эркектердин жумалыгы” элдин алкоосуна татыды


Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жүргүзгөн аныктоосунда адамзатка коркунуч туудурган илдеттердин сап башында жүрөк кан тамырлар, экинчи орунда өпкө жана үчүнчү орунда урология оорулары турарын айтып келишет. Мына ушу урология тармагына байланышкан Кыргызстанда ар жыл сайын өтүп туруучу “Эркектердин жумалыгы” аттуу иш-чара кечээ ордо калаабыз Бишкек шаарында жыйынтыкталды.

Акылбек Усупбаев, улуттук госпиталдын урология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү: “Аликбек Жекшенкуловдун жакшылыгын Акылбек Жапаров улантууда...”
-- Акылбек мырза, “Эркектердин жумалыгы” аттуу иш-чаранын чоо-жайын өзүңүздөн артык билген адис жок, ушу тууралуу маалымат бере кетесизби?
-- 2002-жылы Австрия мамлекетинде улгайып калган адамдардын саны көбөйүп, аны менен кошо ар түрдүү көйгөйлөр мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп чыккан. Ошолорду текшерүү максатында бул акция өткөрүлүп баштаган. А биздики башкача. 2004-жылы жеке өзүм демилге көтөрүп, кайрымдуулук акциясын баштадык. Анткени союз кулагандан кийин эркектердин басымдуу бөлүгү жумушу жок, катуу стресске кабылды. Ушундан улам да эркектерге мүнөздүү оорулар көбөйдү. Алардын дары-дармекке, доктурга көрүнүүгө дараметтери чектелди. Мына андан бери 20 жылга жакындап калды, биздин урология борбору жалпы жонунан бүгүнкү күнгө чейин 35 миңдей адамды текшерүүдөн өткөрдүк. Кээ бирине пайдалуу кеңешибизди берсек, дагы бирине толук кандуу, тиги жагы УЗИ, бери жагы операциясын жасап – ушунун баары биздин дарыгерлердин демилгеси менен бекер болуп атты.
Ар жыл сайын республиканын булуң-бурчуна биздин борбордун дарыгерлери, анын арасында өзүм окутуп тарбиялаган шакирттерим эч бир командировочныйы жок эле барган жерлеринде мейманканага жайгашып, жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлери менен бирдикте бир жума бою бекер эле эркектерди текшерүүдөн өткөрүшөт. Мындай иш-чараны быйыл Кыргызстандын Талас, Ысык-Көл, Нарын, ал эми ушул жумада Бишкек шаарында өткөрдүк. Ар бир аймакта бир жуманын ичинде 2000-2500дөй эркектер бизге кайрылып, тийешелүү өз жардамдарын алышты.
-- Сөзүңүзгө аралжы, баары бекер болсо, бу жерде кандай кызыкчылыктар бар?
-- Мындай суроону биздин дарыгерлер мага да берүүдө. “Агай, мына 20 жылдан бери өзүбүздүн демилгебиз менен жер-жерлерде “Эркектер жумалыгы” акциясын өткөзүп келебиз. Бул кылып аткан эмгегибиз же мамлекет тарабынан бааланбаса, болбоду дегенде мактоо баракчасы же жакшы сөзүн укпасак, а сиз бизди бекер эле кыйнап, иштете бересизби?” деген таризде дооматтарын тамаша-чынга салып кулак какты кылып айтып атышат.
-- А сизчи?
-- Мен аларга “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт, силер эң негизгиси элдин батасын алып атасыңар, мындан өткөн грамота, ыраазычылык, алкыш болбойт. Андайды койгула, экинчи укпайын” деп жайгарып коём. Анткен менен эгемендик алган жылдан тарта бөйрөк, табарсык, жыныстык оорулар, тукумсуздук кескин көбөйдү. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп сексуалдык революциянын алкагында өз каалагандарын кылып башташты. Урогенитальный инфекциялар көбөйдү. Адамдар убагында доктурга көрүнүп, тийешелүү түрдө дарыланбай калышты. Интернеттен фейк маалыматтар, күмөндүү дары-дармектер айтылып... Анысы аз келгенсип, мамлекеттик эмес жеке менчик клиникалардын “биз жакшы дарылайбыз. Бизде күчтүү дарыгерлер жана дарылар бар” дегендерине азгырылып атышат. Азыр элдин баары доктурга барбай эле бүбү-бакшы, элдик дарыгер, болбой баратса өз алдынча аптекага чуркашат. Аптекада иштегендер чоң дарыгер болуп алышкан. Эптеп соодасы өтсө болду, кымбат дары-дармекти айтып, элдин башын оорутушат. Мындай бардакка мамлекет көңүл бурса жакшы болот эле. Негизинде, дарыгер гана илдетти аныктайт жана ошолордун жазып берген рецеби боюнча дарыларын аптекадан алып дарыланышы абзел. Башаламандык жашоону токтотсок болот эле.
-- Интернетте “Акылбек Усупбаев сунуштайт” деген маалымат да жок эмес, буга кандай карайсыз?
-- Ооба, “КР башкы урологу Акылбек Усупбаев момундай дарыны же майды (дары майын) сунуштайт” дегендерди интернеттен өзүм да окуп калам. Бул фейк! Карандай калп! Менин сүрөтүмдү коюп, атымды жамынып алышып, аябай күмөндүү, кымбат баадагы дарыларын социалдык тармактар аркылуу сунушташат. Мындайга эч ишенбөө керек, булар чылгый аферисттер. Доктурлар бир да дарыны реклама кылбайт, бул юридикалык жактан туура эмес. Учурдан пайдаланып, биздин жарандарга кайрылып кетейин, эч качан кесипкөй доктурлар, салттык медицинада иштеген адистер интернет аркылуу бейтаптын диагнозун аныктабай туруп, “ушул дарыны ичкиле, мындай дарылангыла” дебейт. Бул болбогон кеп, мындайга азгырылбагыла! Андан көрө профессионал дарыгерлерге же биздин урологиялык клиникабызга келгиле.
-- Акылбек ага, жамандын арты жаман, жакшы кептерден айталы. Алсак, сиз жетектеген бул борбор салыштырмалуу түрдө кандай иштерди жасоодо?
-- Ооба, жакшыны жакшы дейли. Мисалы, азыркы биз отурган имарат жаңыдан ачылганда “Урология борбору” деп аталчу. Мурунку министр Алымкадыр Бейшеналиев “клиника” деп салды, бул өтө жаңылыштык, туура эмес иш. Кыргызстандын жеке эле өлкө ичинде эмес, эл аралык айдыңда беделин, макамын, таасирин, илимий жактан даражасын, элдин деңгээлин көтөрүшүбүз керек, биздин максат ушу да. Андай кылбай эле баарын жок кылып, реформа атын жамынып талкалады.
Эми урология борборуна келели. Учурунда Бакиевдин батасы менен курулган. Ошо кезде Аликбек Жекшенкулов тышкы иштер министри эле. Бул жигиттин абдан көп жардамы тийди, азамат экен. “Жардам бербейсиңби? Чет жерден демөөрчү таап, клиника куруп беришсин. Мышык ыйлай турган абалдабыз” деп кайрылсам, Аликбек мырза Бакиевге эки-үч кайталап кирип атып, гранттын негизинде Кытай мамлекети бекер куруп берди. Бул абдан жакшы иш болду. Ал эми былтыр министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго “кытайлар имаратты куруп берди. Эми жок дегенде сиздер заманбап медицина жабдыктарынан жардам бергиле” деп кайрылдым эле. Суранычым, өтүнүчүм жерде калган жок. Жардам бере баштады. 1-партиясында операция столдору, эндоскопия, лапароскопия деген кымбат баалуу ж.б. аппараттар келип, биздин доктурларга абдан жеңилдик болду. Дагы кошумчаларын күтүп атабыз. Булардын баары келип бүтсө, Орто Азияда алдыңкы клиникалардан болуп калабыз (!) деген чоң үмүтүбүз бар.

Жуман Мырзалиев, улуттук госпиталдын урология борборунун заара таштар бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы хирург:
-- “Эркектер жумалыгы” аттуу акция 17 жылдан бери жыл сайын үзгүлтүксүз өтүп келүүдө. Бул жылы урология борборунун адистери менен Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында чогуу болдук. Бери жагы эки миңден ашуун адам бекер кеп-кеңештерди, лабораториялык ультраүндүү изилдөөлөрдөн өтүштү. Керектүүлөрү операция алышты. Соңкусу катары Бишкектин ар бир бейтапканаларында жүргүзүлүп, биздин борбордун адистери жапатырмак жардамдашууда. Күндүн суугуна карабастан адамдардын аягы үзүлгөн жок. Эркектердин саламаттыгы болгондон кийин, бизге көбүнесе жаштары улгайгандар кайрылууда. Илгеркидей менталитет жок. Эч бир уялбастан заара ушатуу, ал эми жаштар тукумсуздук көйгөйү менен кайрылып, тийешелүү жардамдарды алышты.

Нурбек Садырбеков, жалпы урология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору:
-- Кайрымдуулук акцияны көп жылдардан бери уюштуруп, өткөрүп келебиз. 2000-жылдардын башында Женева шаарында бүткүл дүйнөлүк конгресс өткөн. Бул жерде гендердик саясаттын алкагында аялдардын гана көйгөйү тегерегинде маселелер козголуп, эркектердики четте калып кетчү. Көрсө, эркектерде да көйгөйлөр бар экенин белгилешип, ошондон тарта “Эркектер жумалыгы” акциясын өткөрүү белгиленген. Эң ириде КМШ боюнча биз биринчи болуп Акылбек Усупбаев агайыбыздын демилгеси менен баштаганбыз. Бир да тыйын эч кимден сурабай жер-жерлерди түрө кыдырып, Кыргызстандын баардык аймактарында болуп келебиз. Канча эркектер бизге кайрылса, ошончо эркек кайсы бир себептерден улам кайрылуудан баш тарып жүрүшөт. Кайрылгандарына биздин адистер жогорку деңгээлде жардамдарын кылышат. Бир байкаганым, диндар адамдардын кээ бири гана кайрылат экен.

Аскарбек, Бишкек шаарынын тургуну:
-- Соцтармактан окуп, анан келдим. Кечээ УЗИде эл көп болгондуктан бүгүнкүгө жазылган элем. Өзүбүз Бишкекте турабыз. Жаш өткөндөн кийин баардык жериң тынчыңды алат да. “Эркектердин жумалыгы” деп жакшы акция уюштуруп коюшуптур. Бүт баары бекер. Баардык жагымды толук көрсөтүп атам. Улуттук борборго ыраазымын. Доктурлары ийкемдүү, маданияттуу, тийешелүү жардамдарын аяшкан жок. Жакшы кабыл алып атышат. Өзүбүздүн саламаттыгыбызга өзүбүз кам көрбөсөк, анан ким кам көрөт? Ошон үчүн уялбай-этпей эле келдим.

Казыбек, Аксы районунун тургуну:
-- Бул акциянын бар экенин көптөн бери билем. Акыркы жолу 2017-жылы заара ушатуу жагынан көйгөй жаралып, кайрылган элем. Убагында келгенге байланыштуу берген кеп-кеңештери, жазып берген дарыларын толук ичкенден кийин баары жайында болуп калган. Эми быйыл да келиш керек болду. Акылбек мырзанын кол алдында иштеген балдарына терең ыраазычылык билдирем. Жакшы иштеп атышат. Башканы сыйлабасаң да өзүңдү сыйлашың керек экен. “Эркектер жумалыгы” деп абдан жакшы акция өткөрүп келишет. Урология борборунун кызматкерлери мактоого татый турган ишти кылып атышканы жүрөк жылытат. Иштерине ийгилик каалап кетмекчимин!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











