Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаныбек Абдитегин: “Китеп – көз карашты өзгөртүп, түшүнүктү кеңейтет”

Жаныбек Абдитегин: “Китеп – көз карашты өзгөртүп, түшүнүктү кеңейтет”

02-январь, 08:44
1 689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Bugupress” басма үйүнүн жетекчиси менен маек.

-- Сиз китепке аябай маани берип, китептерди которуп жүрөсүз. Жалпысынан канча китеп котордуңуз жана ошол китептерди которууга эмне түрткү болду?

-- Биз баш-аягы төрт китеп котордук. Бирок, даярдаган китептерибиз жалпысынан 20га чукулдады. Которгон китептерибиз "Грузия кантип реформа жасай алды?– бул китеп өлкөнү өзгөртөм дегендерге арналат. Ал орус тилинен которулду. Англисчеден "Кылычсыз самурай" китебин котордук. Бул өзүн өзгөртүүнү каалагандарга багытталган китеп. "Балдардын тарткан китептери эмнени түшүндүрөт?" китеби түркчөдөн которулган. Бул китеп балдарынын өнөрүн өстүрүүгө кызыккандар үчүн. Жакында которулган "Сингапур билим берүү системасы. Парадокстордун күчү" деп аталган китеп англис тилинен оодарылды. 2017-жылы чыккан бул китеп буга чейин башка тилдерге да которулган. Маңыздуу маалыматтарды камтыган китептерди түп нускадан которуп жатканыбызга сыймыктанабыз. Бул да болсо биздин илим-билимдүү жаштардын өсүп жатканынан кабар берет. 

-- Китеп жашооңуздун ар бир этабында ар нукта өзгөрүп турса керек? Дегеле сиз үчүн китеп бул...

-- Китеп  менин жашоомдун маңызы. Ал мен үчүн үнсүз мугалим. Китептен тарбия алып, жолумду, багытымды түздөп турам. Китеп чаң басса деле тура берет, бирок ал сага таарынбайт. Аны ачып окуган сайын көз караштар өзгөрүп, түшүнүктөр кеңейет. 

-- Эгер бизде маданияттык төңкөрүш болуп, китеп дүнүйөсү кайра жаралса, кыргыз маданиятынын башаты катары кайсы үч китепти сунуштамаксыз?

-- Ойлоно турчу суроо экен. Ар бир китеп өзгөчө жана уникалдуу. Ошентсе дагы мен баардык мекендештер, окурмандар үчүн биринчи китеп катары "Манасты" окууну сунуштамакмын. Экинчиси, Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повести жана үчүнчүсү Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романын сунуштайм. 

-- Китепти тынбай окуп туруунун сиз билген сырлары?

-- Китепти тынбай окуунун көп ыкмалары жана сырлары бар. Анын эң эле жөнөкөйү – китепти ачып, окуп башташ керек. Эгер буга чейин китепти аз окусаңыз, анда башында бир күндө 10-15 мүнөт окусаңыз жетиштүү. Сөзсүз эле эл сунуштап, мактаган китепти эмес, өзүңүзгө жаккан китепти окуп баштаңыз. Ошентип окуп атып, адам өзүнөн-өзү китеп окууга көнүп калат. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер