Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асел АКМАТ: “Деңиз жээгинде узакка, жалгыз отурганды жактырам”

Асел АКМАТ: “Деңиз жээгинде узакка, жалгыз отурганды жактырам”

30-ноябрь, 01:09
865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ажарлуу жүзү, жагымдуу үнү бар, келечектен көптү үмүттөндүргөн мыкты кыздарыбыздын бири, алпаруучу, кинорежиссер Асел Акмат азыркы учурда Түркияда билимин улантып жаткан кези. 

-- Сенин жүзүңдү экрандан көрүп, жагымдуу үнүңдү өлкөбүздөгү маалымат радиолорунун биринен угуп калчу элек. Кийинчерээк көрүнбөй кеттиң. Азыркы кезде кайдасың, эмне менен алексиң?

--Учурда Кыргызстандан алган билимимди тереңдетүү максатында Түркиянын Сельчук университетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүндө магистратурада окуп жатам. Буга чейин университеттен 4-5 жылдык билим алсам жетиштүү болорун ойлочумун. Бирок мүмкүнчүлүк болуп турганда билимимди чет өлкөдөн жогорулатып алууну туура көрдүм. Бир гана медиа жаатында иштебестен, Кудай өмүр берсе, балким 40-45 жаштан кийин журналистика жана режиссура багытында сабак берген мугалим да болуп калышым мүмкүн. А бул нерсеге азыркы жасап жаткан аракеттеримдин пайдасы тийсе керек. 

-- Түркияда күндөрүң кандай өтүүдө?

-- Катардагы студенттердин жашоосун көрүп жатам. Сабактардан сырткары убактымды пайдалуу өткөрүү үчүн курстарга жазылып алгам. Мен окуп жаткан программа студенттер үчүн баардык шарттарды түзүп берген. “Билим алам” деген жаштарга бир гана окуу жоопкерчилиги каралган. Түркияга мурда көп эле ирет келгендиктен, адаптация болууда анча деле кыйынчылык жаралган жок. Бул жакта көпчүлүк сага жардам бергиси эле келип турат экен. Бир даректи сурап калсаң, же башка бир маалымат керек болуп калса, көпчүлүк шашып баратса да жооп бергенге аракет кылышат. 

-- Кандай курстарга барып жатасың?

-- Кыргызстанда жүргөндө интернеттен чет элдик жаңылыктарды ачып алып, дикторлордун сүйлөө манерасына, кийинүү стилине көз чаптырып, башка тилде жаңылык алып барууга кызыга берчүмүн. Буга чейин Бишкектеги телерадиолордо аз убакыт болсо да диктор болуп иштеп калгандыктан, башка тилде да программа алып баруу мен үчүн кызык. Учурда түркчө ораторлук жана дикция курсуна барып жатам. Мурдагы билген маалыматтарымды, тагыраагы, жаңылык окуп жатканда кайсы жерден токтоп, кайсы жерден көбүрөөк дем алып, ар бир сөздү кантип таасирдүү айтыш керек жана башка ушул сыяктуу эрежелерди бекемдөөгө шарт түзүлүүдө. Мындан сырткары, “трагедия” курсуна да катышып, актёрлор кайгылуу образды кантип чагылдырыш керектигин үйрөнүп жатам.  

-- Тасмаларга тартылып, роль жараткың келеби? Кандай образдар жагат?

-- Буга чейин бир тасманын эпизодуна тартылгам. Бирок, ал жакта журналисттин ролун аткаргандыктан, өзүмдүн күн сайын жасаган жумушумду чагылдыруу кыйын болгон эмес. Негедир сиздин азыркы сурооңузга жооп берүүдө мурда тартына берчүмүн. Анткени роль жараткым келчү, бирок журналист-актриса болбой калат го (?) деп өзүмдү чектечүмүн. Ал эми азыркы убакта каалап жаткан нерселеримдин баарын аткаргым келүүдө. Баш-отум менен актрисалык кесипке киргим келбейт, ал үчүн өзгөчө талантым болсо бир жөн. Бирок мен аткара ала турган, мага жаккан образды тасмага чагылдыруу сунушу түшсө “ооба” деп жооп берип, колумдан келишинче жакшы аткарууга аракет кылсам керек. Кыялымдагы роль боюнча айта турган болсом, ишенчээк, кыялкеч, алсыз кыздан, же аялдан күчтүү, реалист, психолог адамга айланган каармандын образын чагылдыргым келет. Негизи мага кадр ичинде да, кадр сыртында да иштеген жагат. 

-- Баса, сен жакында эле Түркияда өткөн кинофестивалга кантип катышып калдың?

-- Түркияда жыл сайын өтчү “Кыска-Ча” эл аралык студенттердин кинофестивалы быйыл 11-16-ноябрь күндөрү Конья шаарында 19-ирет уюштурулду. Ага катышуу үчүн чет өлкөлөрдөн жана Түркиядан үч миңге жакын фильм каттоодон өтүп, арасынан 60тай тасма көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Аталган фестивалга өзүм режиссерлук жана продюсерлик кылган “Чексиз жашоо” аттуу кыскаметраждуу тасмамды жиберип, жыйынтыгында финалга чыктык. Мындай аракет менен эл аралык кинофестивалда Кыргызстанды аз да болсо жакшы жагынан тааныта алдык да. Учурдан пайдаланып, аталган тасманын жаралышына себепкер болгон фильмдин көркөм жетекчиси Молдосеит Мамбетакуновго, оператору Алмаз Абдраимовго, монтаж кылган Нурсултан Станалиевге, мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Шаршеналиевага, чет тилдерге которгон Максатбек Акматовго жана албетте үй-бүлөмө терең ыраазычылык билдирем! 

-- Чет жерде жүргөндө мекениңди сагынсаң керек. Буулукканда, жалгызсыраганда убактыңды кантип өткөрөсүң? Деңиз жээгине барып турасыңбы?

-- Келгениме көп убакыт болбосо да, албетте, Кыргызстанымды сагына баштадым. Мекениңдин кадырын чет жерде жакшыраак түшүнөт экенсиң. Баары жакшы болуп, баары жетиштүүдөй сезилгени менен өлкөңө, жакындарыңа болгон кусалык көөдөндөн кетпейт туура. Дагы жакшы, бактыбызга видео чалуу бар экен. Жакындарымдын жанымда эместигин социалдык тармактар анча билгизбейт. Бул жактан да бир топ кыргыз жана чет элдик дос-тааныштарды таба алдым. Буулугуп, жалгызсыроого мүмкүнчүлүк болбогон учурда да кээде жалгыз калууну каалайм. Мындай учурда жалгыз киного барып келем, жаңы жерлерди көрүүгө аракет жасайм, музыка угуп сейилдеп, мээмде бир окуяларды, же кыял, пландарды визуалдаштырам, сиз айтмакчы, деңиз бар жерлерде болуп калсам жээкке барып жөн эле отура берем. Бул нерселер мага жагат жана мындан кайф алам! 

-- Жандүйнөңдү кыйнаган кандай ойлор бар?

-- Кудайга шүгүр, азыр эч кандай кыйнаган ой жок. Бир нерсени түшүнбөй жатсам, же кечке ойлондура берген суроо болсо, дароо жообун табууга аракет жасап баштайм. Мындай мүнөздүн көп учурда пайдасын гана көрүп келем. 

-- Жактырган адамың барбы? Тоюңа качан күбө болуп калабыз?..

-- Жеке жашоомду коомчулукка жарыялабоону туура көрөм. Ар бир нерсе өз учурунда Жараткандын буйругу менен болоруна ишенем!


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер