Медер Алиев, ЖК депутаты: «Айдоочулар жол эрежелерин үйрөнгөнгө аракет кыла башташты”


-- Медер Кубанычевич, ИИМ жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар МАИ токтоткон жерден жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча сынак тапшырышат экен. Мындай чара жол кырсыктарын азайтууга канчалык таасир этет?
-- Менин оюмча, жалпы жонунан бул демилгенин зыянына караганда пайдасы көбүрөөк. Тааныштарым, жоро-жолдошторум менен сүйлөшкөндө байкап калам, көбү “эртеңки күнү уят болуп калбайын, айдоочулук күбөлүгүмдү алдырып койбоюн” деп жол эрежелерин үйрөнгөнгө кадимкидей аракет кылып жатышат. Бул коомубуз жол эрежелерин билүү жагынан сабаттуу боло баштаганын билдирет. Андыктан, жакшы демилге деп ойлойм.
-- Мен айдоочулар жол эржелерин билүү боюнча сынак тапшырчу бузуулардын тизмесин карап көрдүм. Бир топ эле узун экен...
-- Мүмкүн ошону карап чыгыш керек. Бирок, жалпы жонунан бул түбөлүктүү компания эмес да. Белгилүү бир мөөнөткө, балким жарым, а балким бир жылга созулаар. Бирок, коомдун жол эржелерин билүү боюнча сабаттуулугун жогорулатарына шек жок.
-- Бул коррупциялык көрүнүштөргө шылтоо, “жылчык” болуп калбас бекен?
-- Тилекке каршы, андай тобокелчиликтер жок эмес. Мыйзам бузуу, кылмыш болуп, ага жоопкерчилик каралган жерде, албетте, коррупциялык тобокелчиликтер болушу мүмкүн. Бул эле маселеде эмес, баардык нерседе. Бирок, дагы бир жолу кайталагым келет, бул демилгенин зыянына караганда пайдасы көбүрөөк.
"Азия Ньюс" гезити











