Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Текебаев аз күндө келишкис оппозицияга аттанабы?

Текебаев аз күндө келишкис оппозицияга аттанабы?

08-июль, 16:53
950 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соттук процесси ойдогудай чечилбей, создугуп, ортодон ар кандай оюндар жүрүп келгени ачыкка чыкпаса дагы белгилүү. Сыягы, бул маселеде бийлик шар кетпей, ыргылжың жүрүшкө салганы көрүнүп турат. Эки лидерди актап жибериши да күмөн. Балким, Акүйдүн “көрөгөчтөрү” кайсы бир кырдаалдан чочулап, актоого барышы мүмкүнбү? Арсар. “Колго түшкөн коенду кое берген оңобу?” дегендей чолок ой менен камабаса да соттоп коюшса, акырында Өмүрбек Текебаев келишкис оппозицияга өтө турганы, шайлоо астында элдин маанайын буруу боюнча рекорд коюшу ажеп эмес. Ошондо Курманбек Бакиев же Алмазбек Атамбаевге каршы күрөшкөндөй иштер башталып кетсе, бул көрүнүш бийлик үчүн кыйынчылык жаратары шексиз. Радикал оппозиционер Адахан Мадумаровдон да ашып кетиши ыктымал. Сыягы, саясый кырдаалдын чыңалышына бул бир гана көрсөткүч. Башка да көп көйгөйлөр жипке тизген шурудай чечилбей турат... Баса, Мадумаров менен Текебаевдин биригүүсү боюнча соңку убакта соцтармактарда имиштер чыгууда, бул жагы жалган. “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген кеп бап келишип туру. Көз караштар, ички сезимдер карама-каршы экенин кайда жашырмак элек?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер