Россия банктары доллар жүгүртүүгө убактылуу чектөө киргизди


Россиянын банкы чет элдик валюталарды накталай жүгүртүүгө убактылуу өзгөртүү киргизет. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.
“Россия банкы быйылкы жылдын 9-мартынан 9-сентябрына чейин депозиттерден же жеке эсептерден акчаны чет өлкөлүк валюта менен берүүнүн тартибин белгилейт. Чет элдик валюта менен сакталган депозит же эсептерден акча чыгарууда кардарга 10 миң долларга чейин гана накталай берилет, ал эми калганы ошол күндөгү курс боюнча рубль менен төлөнөт” деди Борбордук банк.
Ошол эле учурда Россия жарандары депозиттерди, жеке эсептерин чет элдик валюта менен да сактай алышат. Анын пайыздык өлчөмү ошол учурдагы курс менен белгиленет. Андан тышкары, чет элдик валюта менен сакталган эсептерди жергиликтүү валютага котортуп алууга да уруксат берилет.
Россия Борбордук банкы убактылуу буйрук күчүн жоготконго чейин рубль менен соода жүргүзүп турууга чакырык таштады.
"Азия Ньюс" гезити











