Акыркы кабарлар
» Коом » ИИМ орун басары Аширходжаев Кой-Таш окуясы боюнча оңбой калчудай
ИИМ орун басары Аширходжаев Кой-Таш окуясы боюнча оңбой калчудай
27-февраль, 15:05


ИИМдин орун басары Эркебек Аширходжаев коллегасы Курсан Асановго кылмыш ишин козготуп, каматканын кандайча түшүнсөк болот? “Имаратты басып алуу” айыбы эртеби-кечпи “сынса” керек. Жок дегенде генерал катары Асановду сыйлап, тилектештик кылбайт беле? Кылмыш ишин УКМКга өткөрүп койсо не? “Аңды тайыз каз, эртең өзүң түшүп калбагын” деген кеп бар. Анын сыңарындай, Аширходжаев Кой-Таш окуясында тергөөнүн башында туруп, мыйзамсыз буйруктарды аткарганы жалганбы? Бийлик адилеттүү нукка бурулса, жакында өзүнө кылмыш иштери козголуп, тагдыры жарга асылып калбайбы?..
"Азия Ньюс" гезити











