Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мен өлүп жаткан адамдарды көргөм, ыйлаган эмесмин. Азыр экөөнү кучактап ыйлап жаттым...”

“Мен өлүп жаткан адамдарды көргөм, ыйлаган эмесмин. Азыр экөөнү кучактап ыйлап жаттым...”

22-декабрь, 12:23
3 329 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Милицияда иштечүмүн. Оңой жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле ызы-чуунун үстүндө жүрмөй. Бир ирет "коңшуларыбыз тынчтык бербей жатат" деген чакыруу келип, шаардын чок ортосундагы көп кабаттуу үйгө бардык. Мындай чакыруулар толтура эле болот. Кептин баары аракта да. Андайда масты алып келип, бир жумадай камап салабыз. Айткандай эле мас экен. Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-чуу түшүп мушташышкан окшойт. Үй ичинин баары идиштин сыныгы. Күйөөсүнүн колун кайрып алып жөнөгөнү калганбыз, капыстан эле эшиги жабык турган бөлмөдөн добуш угулду. Карап коёюнчу деп ача салып, жүрөгүм үшүй түштү. Бөлмөдө төрт жаштардагы кыз, анан эки жаштардагы эркек бала жүргөн экен. Экөө тең мени карап алактап коркуп калышты. Мен жаш балдардын мынчалык муңдуу көздөрүн көргөн эмесмин. Эч кандай баёолук, адамды кызыгып, күлүп кароо деген жок, коркунуч гана бар. Экөөнүн тең кийимдери кир, чачтары өсүп, уйпаланган, майланышкан. Эркек баланын алдында эч нерсе жок. Ысык сууга күйгөн окшойт, буттарында сууга толгон ыйлаакчалар.

-- Силердин балдарыңарбы? 

-- Ооба, - аял көңүлсүз жооп берди. -- Мен силерди тынч отургула дебедим беле?! - деп кызды баштан ары чаап жиберди. Нес болуп эле туруп калдым. Кыз басып барып жерде турган табакка кашык салды да: 

-- Кел, Нуйчик, ап де, - деп инисин чакырып ага тамак бере баштады. Тамагы кадимки эле кукси. Бала отурбай жеп жатты. Кыязы, бутундагы ыйлаакчалары ооруйт окшойт. 

-- Бул эмне кылганыңар?! Балдардын кебетеси кантет?! 

-- Байке, сиздин ишиңиз эмне?! 

Чыдамым түгөндү. Билбейм кандай ойлойсуңар, бирок өзүмдү кармай албай койдум. Тарс эттире келинди жаактан ары чаптым. Күйөөсү жүткүндү. Аны баса калып эзелки өчүм бар кишидей жанчып салдым. Экөөнү тең эшикке сүйрөп чыгып кайра кирсем, баягы кичине кыз инисин артына калкалап "байке, уйушпаңызчы? Нуйчикке тийбеңизчи?" деп ыйлап жиберди. А бул байкуштардын күнөөсү эмне? Мен өлүп жаткан адамдарды көргөм, алардын жакындары ээ-жаа бербей өксүп ыйлагандарын көргөм, бирок көзүмдөн жаш чыккан эмес. Азыр бети-башы кирден ботко болуп, балалык деген эмне экенин билбей, ташбоор ата-энесинин токмогун кадимки эле нерседей кабылдап, бирок ошондо да өзүнөн алсыз, кичине бир тууганына кам көрүп, аны калкалап турган кызды көрүп ыйлап жибердим. 

Көрсө, күчтүү адамдардын алдында ыйлайт экенбиз. Мен аны ошондо түшүндүм. Экөөнү кучактап алып ыйлай бердим. Токтоно албай койдум. Балдарды убактылуу балдар үйүнө алып кетишти. А тиги эрди-катын "бизди сабады" деп үстүмдөн арыз жазып коюшуптур. Жумушумдан алып коюшту. Мейли, өзүм деле кетмекмин, ага кейиген жокмун. Оюм башкада болчу. Мен тиги эки балакайды таштап кете алмак эмесмин. Келинчегим колдоп, ары-бери чуркап жүрүп акыры экөөнү тең өзүмө каттатып багып алдым. Билесиңерби, мен азыр абдан бактылуумун. Кызым Анель өзгөчө боорукер, күйүмдүү жан, 1-класста окуп жатат. Уулум Нурдан апасынын жанынан карыш жылбайт. Кээде Анель "сен бизди кайра алып барып койбойсуңбу?" деп жүрөктү эзет. "Жок, эми силерди эч кимге бербейм! Силерсиз кантип жашайм?!" деп жооткотом. Азыр алар ини күтүп жатышат. Жакында төрөт үйүнө жасанып алып барабыз... 

Бакыт

(Интернет булактарынан)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер