Акыркы кабарлар
» Коом » Жүрөк зыркырайт: бир үй-бүлөдөн беш бала каза болуп...
Жүрөк зыркырайт: бир үй-бүлөдөн беш бала каза болуп...
20-февраль, 14:08
1 740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Казакстанда өрттөн бир үй-бүлөдөн 5 бала каза болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт 19-февралда саат 15:15те Жамбыл облусунун Жанатас шаарында 5 кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан. Аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, үчүнчү кабаттагы батир өрттөнүп, анда чоңдордун көзөмөлүсүз 2015, 2016, 2017, 2019 жана 2020-жылы туулган беш бала болгон. "Алдын-ала маалыматтар боюнча, алардын атасы жумушта болгон, ал эми апасы дүкөнгө кеткен. Өрттүн кесепетинен балдардын баардыгы көмүр кычкыл газынан жабыркап, тезинен ооруканага жаткырылган, бирок бир аз убакыттан кийин алар көз жумган",- деп жазылат маалыматта.
“Супер”