Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева: “Бизге динге таянган ыйман сабагы керек эмес”

Гүлзат Аалиева: “Бизге динге таянган ыйман сабагы керек эмес”

09-сентябрь, 11:43
3 157 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлзат карындашым, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мектептерге ыйман сабагын киргизүүнү сунуш кылып жиберишти. Буга сиздин көз карашыңыз?

-- Ооба, “ыйман” деп туруп диндин этикаларын, болгондо да кыргызга жат ашкере немелерди киргизип атпайбы. Кайнаса каныбыз кошулбаган башка өлкө элдеринин идеологиясын таркатып, таанытып-таңуулап, анысы аз келгенсип чүмбөттөп, шалбыратып кийинтип, сапсыйтып, деги койчу кайсы бирин айтайын... Ошо 1-класска барган окуучу кыздар хиджап кийинип, анын этек-учун жыя албай жүдөп аткандарын, анысы аз келгенсип ар жуманын бешинчи күнү мектептеги сабактарды таштап, “жума намазга” деген бизге ылайыксыз көрүнүштөрдү көрүп атабыз го. Ошолордун ата-энелерин түшүнө албай турам. Анчалык ыймандуу болгусу келсе, мектепти бүткөндөн кийин, 18 жашка толгон куракта медресеге барсын. Эч ким каршылык кылбайт. 

-- Болуптур, анда сизде кандай альтернативдүү сунуш бар?

-- Биз светтик мамлекетпиз. Анүстүнө Кыргыз Республикасы – Айкөл Манас атабыздын улуу империясынын тарыхый мураскору. Демек, бизге динге таянган ыйман сабагы эмес, империя курган, тарыхта улуу цивилизация жараткан ата-бабаларыбыздан калган улуттук көөнө дөөлөттөргө таянган нарк таануу сабагы кыргыз жана орус тилдеринде бирдей программа менен сунушталышы керек. Кудай буюрса, белгилүү кыргыз таануучулар жана окумуштуулар менен бирдикте нарк таануу сабагы боюнча кыргыз жана орус тилиндеги окуу куралдарын даярдоонун үстүндө эмгектенип жатабыз. Светтик Кыргыз Республикасынын мектептеринде ушул мамлекетти түзгөн улуттун (государствообразующая нация) улуу наркын окутуу – ар бир кыргызстандыктын ыйык парзы деп билем. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер