Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илимдин дүйнөлүк жылдызына айланган Аскар Акаев

Илимдин дүйнөлүк жылдызына айланган Аскар Акаев

11-октябрь, 23:56
824 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөбүздүн тунгуч президенти, академик Аскар Акаев дүйнөлүк илим аренасында өзүнүн терең билими, илимий жаңылыктары жана интеллектуалдык салымы менен таанылган инсан. Ал математика сыяктуу татаал тармактарда зор изденүү жүргүзгөн, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу, Россиянын Илимдер Академиясынын (РАН) ардактуу мүчөсү, ондогон илимий эмгектердин, дээрлик жаңычыл ойлордун автору.

Аскар Акаев илимди адамзаттын өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү катары эсептейт. Анын көп жылдык эмгеги, изилдөөлөрү жана лекциялары бүгүн да жаш муундарга, келечек ээлерине шыктанууларды жаратыпири кызыгууларды арттырууда.

М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети уюштурган 11-12-октябрда өтө турган «Наука 0+» аттуу XX эл аралык илим фестивалынын алкагында Аскар Акаевдин катышуусу өзгөчө көңүл чордонунда турат. Бул фестиваль илим менен билимди элге сиңирүү, жаштарды жаңы ачылыштарга үндөө, ошого катар интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүү, эл аралык ЖОЖдорду, шаарларды жана өлкөлөрдү бири-бирине жакындатуу максатын көздөйт.

Акаевдин лекторийдеги баяны көпчүлүк үчүн чоң кызыгуу жаратары шексиз. Анткени, анын ар бир сүйлөгөн сөзү жылдар бою топтолгон тажрыйбанын, терең ой жүгүртүүнүн жана дүйнөлүк масштабдагы илимий көз караштын жемиши.

Бүгүн мезгил тез өзгөрүп жаткан шартта илимге болгон урмат озуп, акылга, тажрыйбага таянган коом түзүү зарылчылыгы мурдагыдан да жогору. Ушул жагынан алганда, Аскар Акаевдин бул багыттагы өмүр жолу кыргыз эли үчүн да, жалпы постсоветтик мейкиндик үчүн дагы үлгү болорлук көрүнүш.

Анын илимий мурасы, жаңы муунга калтырган баалуулугу жана адамзатка кызмат кылган эмгеги келечек муундардын эсинде калары талашсыз. Аскар Акаев саясатчы гана эмес, чын маанисинде илимдин дүйнөлүк жылдызы

Кыргыз үнү кыйырга жаңыра берсин!  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер