Ташиев иштеп жатса, Туманбаев тоготпогонун көрсөттүбү?
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жаңы жыл күндөрү машыгып жатканын видеого тарттырып, жарнама жасатканы кайсы логикага сыят? Асыресе, арзан пиар. Ал эми ошол эле күндөрү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырып, тийешелүү милдеттерин аткарып жүргөнүн көрдүк. “Чет өлкөгө барып эс албайм, майрам күндөрү да иштөөгө милдеттүүмүн” деп айтты. Кимдерге карата кыртышы сүйбөй сүйлөдү? Аныгына келсек, айрым чиновниктерге кулак кагыш, эскертүү кылды окшойт. Кызыгы, Туманбаев актанып, Сингапурду айтып атат, мунун өзү тоготпогондук, көпкөнчүлүк эмеспи? Көмүскөдөн катуу коңгуроо кагылганбы, айтор, Каныбек эмнегедир алактап калыптыр. Ансыз да чексиз байып, ар кайсы саясатка тумшугун тыгып жаткан иш башкармалыктын жетекчисинин тагдыры татаалдашабы? Ар дайым коомчулуктун сынана кабылып, бийликтин баа-баркына шек келтирип бүттү...
"Азия Ньюс" гезити