Кудай мени кечиреби? Вирус жугузуп жүргөнүмдү кеч билдим...
Ушул жылдын июнь айынын аягында коронавирус катуу өөрчүп кетпедиби. Мен такси кызматында иштеп жүрүп, ал ооруну жугузуп алыптырмын. “Сасык тумоо болуп атсам керек...” деп эле камырабайм. Күнүгө ондон ашык адамды ташыйм. Бир жумадай ооруп, аягында катуу жөтөлө баштаганда догдурга текшерилсем, пневмония диагнозун коюшту. Өпкөмдүн 70 пайызын илдет каптап кетиптир. Көпкө дарыланып, зорго жакшы болдум. Бирок, кээде алсыз тартып калганымды сезем... Ошол убакта ооруганыма карабай иштеп жүрө берип, жүздөн ашык адамга вирус таратсам керек. Андан сырткары туугандарга, досторго да жугузуптурмун. Баарына дуба кылып аттым. Шалаакы мамиле кылганыма өкүнөм. Балким, кээ бирөөлөр менин айыман каза болушкандыр... Эстегим келбейт. Кудай мени кечиреби? Ушул жагынан арман кылып, өзүмчө кыжалатмын...
Жылдызбек
Aryba.kg