“Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун мактанганында чоң мандем бар”


-- Акыркы айларда тышкы карыз 107, 73 миллион долларга көбөйгөнүнө кандай баа бересиз? Өкмөттүн иши жүрүшпөй баштадыбы?

Жусупжан Жээнбеков:
-- Тышкы карыздын көбөйүшүнүн бирден-бир себеби: өнөр жайын, айыл чарбасын керектүү деңгээлде өнүктүрө албагандык. Экономиканы өстүрүп, стабилдүүлүктү орнотуу зарыл. Популизм аябай күчөп кетти. Кайдагы Асман шаар, административдик курулуштарды курууга шашпасак болмок. Маселен, президенттин администрациясын курууга, укук коргоо органдарына администрация куруунун азырынча зарылчылыгы деле жок эле.
Туура, курулсун, бирок ички-тышкы карыздарды калыбына келтирип алып, анан жөндөсөк болмок. Аныгында, карапайым элдин желкесинен кайыш тилип, штрафтарды көбөйтүп, түрлүү төлөмдөрдү ойлоп тапканды токтотуш керек. Маселен, “автоунаанын айнектерин караңгылатканга акча төлөйсүң, автоунааңды, турак жайыңды сатсаң мамлекетке 10 пайыз төлөйсүң” деген ашыкча. Же эмне, 10 пайыз модабы? 3,5 пайыз кылса деле жетет эле да. Өкмөттүн саткан машинеңден, турак жайыңдан пайда көрө турган эч кандай акысы деле жок. Элдин пайдасына чейин киришип, жеке курулуштарды, алып-сатарлыкты алкымдап бууганы туура эмес.

Жамин Акималиев, академик:
-- Биринчиден, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 6 миллиард долларга жакындап калганы – өлкөбүз үчүн өтө жаман көрсөткүч жана ал экономикалык коопсуздугубузга орчундуу коркунуч жаратат. Мындан үч-төрт жыл мурун карызыбыз 4 миллиард долларга жеткенде, "эми республикабыз банкротко дуушар болот" деп баарыбыз тынчсызданганбыз. Азыр кандай болот?
Каржы министрлигибиздин расмий маалыматына таянсак, быйылкы жылдын август айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 56 пайызын түзүптүр, ал эми үч айдын ичиндеги карызыбыз 107,73 миллион долларга көбөйүп кетиптир. Мындай фактылар акылга сыйбаган иш.
Таңгала турган нерсе: Акылбек Жапаров башкарган министрлер кабинети эртеден кечке, күн-түн дебей "өкмөт өкүртө иштеп, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү бир нече эсе көбөйдү" деп көкүрөгүн чапкылап мактанып келет. Ошол эле учурда карыздарыбыз болуп көрбөгөндөй көбөйүүдө. Жөнөкөй эле логика менен айтканда, бюджет көбөйсө, анда карыздар катары менен азайышы керек эле да?.. Демек, бул жерде кандайдыр бир чоң мандем бар.
Экинчиден, өкмөт карызды карабай туруп эле ала бергенди токтотушу керек. Себеби, карыз көп болсо, келечегибиз тар болот. Аларды балдарыбыз тургай чөбөрөлөрүбүз дагы төлөп калышы мүмкүн. Ошондуктан, карыз алсак дагы, ойлонуп туруп, башкача айтканда, жети өлчөп бир кесип, анан алалы да. Чындыгында, өлкөбүздү өзүбүздүн өндүрүшүбүз менен гана көтөрө алабыз. Аскар Акаевден бери сырт жактан канчалаган гана миллиарддарды алган жокпуз, бирок алардан эч кандай натыйжа чыккан жок. Эми дагы ошол адашкан жол менен кетебизби? Андай болбойт. Карыз алыш үчүн акылдын деле кереги жок. Карыздын арты караңгы экенин түшүнүүгө убакыт деле жетти го...

Алга Кылычов:
-- “30 жылда мындай экономикалык өсүш болгон эмес” дегени – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айткан сөзү менен кылган иши эки башка экенинин далили. Канчалык бирин-бири кайталаган цифралар менен элге манипуляция жасап айтпасын, тилекке каршы, ички өндүрүш абдан катаал абалга кептелди. Сырттан доллар, евро кириши кескин токтоду деп айтсак болот. Бюджеттин тешигин кыргыз сомун пачкалап чыгарып, айлыкты көтөрүп, “экономикалык өсүш кылып атабыз” деген түр көргөзүп жатышат. Тилекке каршы, өкмөт өз колу менен инфляция жаратып, экономикабызга өтө терс иштерди жасоодо. Анан уялбай “чакан бизнес өстү” дешет. Чакан бизнес деген түшүнүк эмне? Чоң бизнестер жоюлуп, эл эптеп күнүмдүк оокат таап калган бизнеспи? Айтайын дегеним, кыргыз сомун пачкалап чыгарганга көп акылдын деле кереги жок.
"Азия Ньюс" гезити











