Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгер тажиктер куралдуу кагылышуу баштаса, биз БУУга кайрылабызбы?

Эгер тажиктер куралдуу кагылышуу баштаса, биз БУУга кайрылабызбы?

16-апрель, 22:15
1 166 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чыры 2018-2019-жылдары катуу курчуду. 2002-жылдан бери 970 чакырым чек аранын 519 чакырымы такталып, калган 451 чакырым жери такталбай, чечилбей кала берген. Ал эми С.Жээнбековдун тушунда делимитация, демаркация боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы кызматынан алынып, иш токтоп, бул мамлекеттик деңгээлдеги олуттуу көйгөйгө маани берилбей, жүрнары мамиле жасалып, каралбай калган, ошондон улам чек арада кан төгүлгөн куралдуу кагылышуулар да болгон. 

Октябрь окуяларынан кийин келген жаңы бийлик мамлекеттин саясый-аймактык бүтүндүгүн көздөп, элдин көйгөйүн туура түшүнүп, коңшу өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди жолго коюп, соода-экономикалык байланыштарды бекемдеп, көптөн бери чечилбей келаткан чек ара маселелерин да кечиктирбей чечүү максатында делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк комиссия башчылыгына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дайындалган. Комиссия тажикстандык коллегалары менен иш жүргүзгөндөн кийин К.Ташиев Бишкекте МККларга пресс-конференция берип, Ворух анклавын алмашуу боюнча комиссиянын сунуштары тууралуу маалымат бергени маалым. Демократиялык Кыргызстандын шартында айкындык үчүн берилген бул маалымат Тажикстандын соцтармактарында катуу талкууга алынып, уу-дуу сөз болуп, мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи бул маселе боюнча өзүнүн кыжырданган билдирүүсүн тараткан. Андан кийин биздин интернет булактарында да чек ара боюнча кайчы пикирлер айтылып, тажик тарапка дооматтар коюлуп, эмоциялар шакардай кайнап, алтургай парламентте да бул маселе каралып, айрым популист депутаттар “тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жөнөтүшү керек” деп ызылдай баштады. Бул маселе боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Х.Зарифи жеке жаран катары пикирин айтканын, бул расмий Дүйшөмбүнүн позициясын билдирбей турганын түшүндүрүп, маселеге ачыктык киргизди. 

Ошондон көп өтпөй КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынында министр Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен Москвада жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек ара маселесинин тегерегинде коомчулукта жүргүзүлүп жаткан дискуссияларды токтотуп, чек ара боюнча өкмөттүк комиссиялардын ишин улантып, элди жүрөкзаада кылып бүткөн маселени тез арада чечүүнү белгилөө менен Лах (мурдагы Жергетал) аймагында Кыргызстандын жарандары Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан катуу текшерилип жаткандыгына тынчсызданганын билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин так аткарылышы тууралуу талабын айткан. Кыргызстандын тышкы иштер министри Р.Казакбаев күтүүсүз жерден курчуп кеткен чек ара көйгөйү боюнча майнаптуу иштерди жүргүзүү менен бирге, ийкемдүү иш алып барып, мындай татаал маселелер дипломатиялык кылдат сүйлөшүүлөр менен чечиле тургандыгын далилдеди. 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согд облусуна болгон иш сапарынан кийин Исфара районунун Кыргызстандагы анклав – Ворух айылына келип, соцтармакта чоң талкуу жараткан чек ара маселесине токтолуп, эч кандай жер алмашуу болбой тургандыгын кесе айтты. Ошентип, чек ара боюнча эки өлкөнүн комиссияларынын буга чейин талкууланып келген жер алмашуу жолу менен чек аранын талаш тилкелерин чечүү боюнча сунуштары туюкка кептелди десек болот. Эми тажик тарап Ворухту алмашуу вариантын карабайт, сөз кылбайт дагы. Бул комиссиянын деңгээлиндеги иш эмес. Кырдаалдан кантип чыгуу керек? Дагы деле болсо дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантып, президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга иш сапары даярдалышы зарыл. Эмомали Рахмон менен бул татаал көйгөйдү С.Жапаров өзү киришип, саясый эркин көрсөтүп, бул талаш маселеленин башын ачпаса, кыргыз мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген чек арадагы чыр-чатактар улана берчүдөй...

Кыргыз тарап талаш жер маселесин чечүүдө укук жана адилеттүүлүк принциптерине таянып, иш жүргүзүп жатканы талашсыз. Бирок, талаш жердин айынан чоң-кичинеси болуп жүз элүүдөн ашык чыр-чатактар катталыптыр. Эгер тажик тарап дагы деле чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнү каалабай, күч колдонуп, үстөмдүк кылып, жылма экспансия саясатын жүргүзүп, куралдуу кагылышууларды уланта берсе, ОДКБ, ШОСтун алкагында эл аралык чек ара арбитражына кайрылуу зарыл, же болбосо БУУнун эл аралык сотуна кайрылса да болот. Себеби анын чечимдерин эки тарап мүчө катары аткарууга милдеттүү. 


Аскар Медетов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер