Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус менен сасык тумоонун кандай айырмасы бар?

Коронавирус менен сасык тумоонун кандай айырмасы бар?

26-июнь, 15:21
3 363 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда коронавирус инфекциясынан тышкары сасык тумоо илдети дагы жүрүп жатканы байкалууда. Айрыкча жаңы эле ачылып баштаган бала бакчаларга барып жаткан балдардын арасында ОРВИ жана сасык тумоо күч алганын ата-энелер айтып жатышат. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери Назира Бейшебаевага Супер” сайты төмөндөгүдөй пикирин билдирген.

-- Учурда борбордо сасык тумоо күч алып жаткандай. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

-- Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы менен бирге эле ОРЗ жана ОРВИ бирдей жүрүп жатышы мүмкүн. Ал эми сасык тумоо бул аталган илдеттердин симптомдорунун бири катары каралат. Негизи вирус үчүн белгилүү бир мезгил болбойт. Ал жыл бою жүрөт. Жай мезгилинде адамдар кондиционер, ар кандай желдеткичтерди колдонушат. Бул учурда аларга жел тийип, сууктап калышы мүмкүн. Мындан тышкары, муздак суу ичип, муздак сууга түшүшөт. Ал эми балдар балмуздак жеп башташат. Булардын баардыгы сасык тумоого, суук тийүүгө алып келет. ОРВИ жөнүндө айта кетсек, бул курч респиратордук вирустук инфекцияны балдар чоңдорго караганда оор көтөрөт. Анткени алардын иммундук системи жакшы калыптана элек болот. ОРВИ аба аркылуу тез эле тарап кетет. Демек, бала бакчага ОРВИге чалдыккан бир эле бала келсе, ал баарына жуктурат.

-- Коронавирус менен сасык тумоону бири-биринен кантип айырмаласа болот?

-- ОРЗ менен ОРВИде жогорку дем алуу органдарынын кыртышы ооруйт. Башкача айтканда, жөтөл, көздөн жаш агуу болот. Бирок организмде системдик түрдө оорлошуу жүрбөйт, даамды сезбей калуу чанда кездешет. Белгилей кетүүчү нерсе, коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамда алгачкы күндөрү даам, жыт сезүү жоголбойт. Андыктан, ал ооруганын сезбей жүрүшү мүмкүн. Коронавирус инфекциясынын мүнөздүү белгилеринин бири дене табы 38ден жогору болот. Ал бир нече күн бою ошондой кармалат. Андын тышкары, дем алуу жаш куракка карабастан оорлошо баштайт. ОРВИ менен ОРЗда туура дарылоодо 7-8 суткаларга карата оорунун белгилери жоголуп, айыгуу жүрөт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер