Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев, профессор: “Алтындын Кипрге чыгарылып кеткенин УКМК “фейк” деп аныктады!”

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Алтындын Кипрге чыгарылып кеткенин УКМК “фейк” деп аныктады!”

13-май, 18:35
398 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Каныбек агай, кечээтен бери интернетте “Сабыр аба, өткөзүп алдым” деген алтындардын видеосу талкууланууда. Бири Болот Темиров жалган маалыматты таркатып жатканын айтса, экинчилери Эдил Байсаловдун жообуна ишеним артышуудаСиз кандай дейсиз?

-Азыркы маалда интернеттин мүмкүнчүлүгү ашып-ташып, ээ-жаа бербей, биротоло "кумгандан кубулуп чыккан жиндей" болуп, ээнбаштыкка өтүп кетпедиби? Бир узунураак сүйлөмдөн бир нече ката кетирип жазган макулук дагы өзүн "эл аралык деңгээлдеги эксперт" эсептеп алганына күйөсүң! Дароо эле айтып коёюн, алтындын Кипрге чыгарылып кеткени жөнүндөгү псевдовидео УКМКнын расмий билдирүүсүнө ылайык "фейк" деп аныкталды! Бүттү, калган изилдөө иштерин өлкөнүн күч түзүмдөрү иликтесин. Бул маселе алардын милдети. Ким айыптуу болсо, мыйзамга ылайык өз жазасын алат! Оолугуп-дээлиге бергенден пайда жок. А биз болсо, ар бирибиз өзүбүздүн кесиптерибиз боюнча жигердүү эмгектенгенге өтсөк. Болбодубу эми! Расмий бийлик күнү-түнү жаратмандык менен алек. Алдыда катуу чакырыктар тизилип турат. Дүйнө чакырыктарын айтпай эле коёюн. Андан соң мамлекетти өнүктүрө турган долбоорлор менен алектенеличи, бир туугандарым! 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер