Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Пакистандыктарды сабап жатышса, кайсы инвестор акчасын салмак эле?”

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Пакистандыктарды сабап жатышса, кайсы инвестор акчасын салмак эле?”

27-сентябрь, 23:24
1 095 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нарынбек Молдобаевич, Кыргызстанга жетиштүү деңгээлде инвестициянын келбей жатышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз? 

-- Бул сөз биз жаңы эгемендикке ээ болгондон баштап эле келатат. Жалпы жонунан инвестиция деген – бөлөк бирөө акчасы менен келип, Кыргызстанга завод, фабрика же башка өндүрүштөрдү куруп, мамлекет да, ал дагы пайда көрүшү керек дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн келген бийликтин баары эле “инвестиция тартабыз” деп аракет кылышып, бир топ убараланышты. Убагында колунда бар 5-6 бизнесменди Аскар Акаев кайда барса да ала барчу. Аскар Салымбеков, мен, Осмонбек Артыкбаевге окшогон 5-6 киши элек. Биз самолёттун авиакеросинин төлөп берчүбүз. Ал кезде авиакеросин арзан болчу. Мен эле 4-5 мамлекетке бардым. Кайда барбайлы, биз барган мамлекеттеги ишкерлер менен жолугуп, сөзсүз бизнес-форум болчу. Акаев аларга “Кыргызстанга келгиле” деп кадимкидей кайрылчу. Бирок, мамлекетти байыткан инвестор келген жок. 

-- Кандай жолдо инвестицияны ийгиликтүү тарта алабыз?

-- Алгач инвесторлорду коргогон мыйзам иштеп, аларга жеңилдиктер болушу керек. Ким эрте турса эле чоң болуп, бизнесин тартып алган, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизген көрүнүштөр токтошу шарт. Ошондой эле элибиз келген инвесторлорду барктап-баалаганды үйрөнүшү керек. Бизде болсо мыйзам иштебей жатат. Айтайын дегеним, кара күчүн сатайын деп келген пакистандыктарды дагы сабап жатышат. Анан ким ишенип келип акчасын салат? 

Ошондой эле инвесторлор өндүргөн продукцияларын дагы сыртка чыгарууга шарттар түзүлүшү зарыл. Болбосо, биздин рынок өтө чакан. Элибиздин 30 пайызы жакырчылыкта жашайт. Алардын инвесторлор өндүргөн продукцияларды сатып алганга мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, чоң ишкерлер бизге тартылбайт да.

-Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу курулсаинвесторлорду тартуу мүмкүнбү?

-- Мүмкүн. Анткени, Кытай–КыргызстанӨзбекстан темир жолу курулса, андан ары багытты Ирандан Европага алып чыгып кетсе болот. Эл аралык стандартка жооп бергендей логистикалык борборлорду курсак, инвесторлор тартылат деп ойлойм. Анткени, өндүргөн продукциясын сыртка чыгарып сата турган жолдор аз. Самолёт менен ташуу кымбат турат. Темир жол ишке кирип калса, мүмкүнчүлүктөр ачылат. Анткени, бизде сырьё көп. Пахтабыз, жер алдындагы сейрек кездешүүчү металлдар: уран, алтын, жез, күмүш көп. Бирок, аны кайра иштете турган заводдорубуз жок. 

Биз жаңы эгемендикке чыккан мезгилде телевизор, муздаткыч, кыска толкундуу мештер чыкчу. Сапаты мыкты эле. Коррупция ошонун баарынын түбүнө жетти.

-ГЭС кура турган инвесторлор келсе, экономикабыз жогорулайбы, ишеним барбы?

-Нарынга Токтогулдай он ГЭС курулса, ошол эле Кыргызстанды байытып коёт. Жалгыз Токтогул ГЭСи 14 миллиард кВт/саат электр энергия берет. Ошонун эле 1 киловаттын 5 сомдон эсептеп, аны 10го көбөйтсөк, Кыргызстандын бюджети канча болорун элестетип көргүлө. Болгону ГЭС кура турган инвестор тартыш үчүн жогоруда айткандай, шарт түзүш керек. Жок эле дегенде үлүш менен киргизишибиз абзел

Азыркы бийлик деле инвестиция тартууга аракет кылууда. Корея, Японияга деле ГЭС салгыла деп сунушташууда. Сырттан ишкерлер агылса, Кыргызстан өсүп-өнүгүп, алдыңкы өлкөлөрдөн болмок.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер