Карантин маалында масштабдуу дискотека катталган

"Карантин маалындагы бий" деген аталыштагы акциянын алкагында Германиянын Шютторф шаарында масштабдуу дискотека болуп өткөнүн чет элдик басылмалардан Супер кж кыргызчалаган.
Маалыматта бий кечеси автоунаалардын жардамы менен өткөнү айтылат.
"Уюштуруучулардын эрежесине ылайык, дискотекага автоунаанын ичинде отуруп катышуу жана бир автоунаада 2ден ашык адам болбосун деген талап коюлган. Ошентип белгиленген саатта катышуучулар атайын даярдалган аянтчага келишти. Дискотека 3 сааттан ашык жүрдү жана аны мыкты диджейлер тейлеп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулай алышты. Кеченин уюштуруучулары мындай жол менен изоляцияда отурган шаар тургундарынын көңүлдөрүн көтөрүп коюуну максат кылганын айтышкан. Эксперименталдуу дискотека ийгиликтүү өттү. Тартип бузгандар да болгон жок", - деп жазылат маалыматта.