Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бурулкан Карагулова, акын: “Мыкты акын болууну самагандар намаз эмес, китеп окушу керек”

Бурулкан Карагулова, акын: “Мыкты акын болууну самагандар намаз эмес, китеп окушу керек”

15-сентябрь, 12:53
1 607 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жүрөк дирилдеткен саптарды жаратып, окурмандардын сүйүктүү акынына айланган Бурулкан Карагулова эжени кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-- Бурулкан эже, ырларыңыз калың элдин катмарына сиңген мыкты акынсыз. Акындыкка айрымдарды тагдыр, кээ бирин ашыктык каттары алып келет экен. Сизде кандай болду?

-- Мен Ноокатта интернатта окуп калдым (өзүм токтогулдукмун). Мектепте окуп жүргөн кезде эле Омар Хайямдын китеби колума тийип калды. Ошондон бүгүнкү күнгө чейин устатым Омар Хайям менен жашайм. Тагыраагы, төрт сапка, анан сүйүү ырына жакынмын.

-Акындар жакшы саптарды жаратыш үчүн көптү сүйүшү керекпи?

-- Ыр жаза алган кишиге миңди сүйгөн менен бирди сүйгөндүн айырмасы жок.

-- Бурулкан эже, сүйүү деген эмне? Керемет сезимби, түшүнүшүүбү же жашоого болгон эсеппи?

-- Медицинада айтылат го, “мээ күчтүү, мээ баарын башкарат деп. Жок! Мээ эмес, жүрөк күчтүү. Эгер жүрөгүң буюруп турса, мээң сөзсүз аткарат. Эгер жүрөгүң айтып турса, акылың баш ийет. Мээ сүйбөйт, жүрөк сүйөт. Сүйүү деген бул – жүрөктүн өзү.

-Акындык өнөрдүн жыргалы да, азабы да болот дешет. Сиз кайсы жагын сездиңиз

-- Жыргалын көрө элекмин, акындыктын азабы көп. Сын айткандар, “ачык жаздың” деп уяткаргандар, артыман кеп кылгандар, ырларымдын кимге арналганы жөнүндө божомолдор, наамга татыксыз экеним... мени ээрчип жүргөн толгон-токой ушактар жана башка нерселер кээде мени өлтүрүп коё жаздайт. 

-- Окуган сайын өзүңүзгө керемет сезим тартуулаган ырларыңыз барбы? 

-- Баардык ырларым ичимен чыккан ийри жыландарым, текши бирдей көрөм.

-- Акындар “Ыр – Кудай берген ырыскы дешет экен. Сиз ырды күндө жазасызбы же анда-мындабы

-- Күндө жазбайм. Бир эргүү келип, мени бөлөк жакка алпарып таштайт, ошондо чыдамым кетип калат, анан жазам... 

-- Аял кишиге акын болуу кыйын эмеспи. Жазган жалындуу ырларыңыз үчүн жолдошуңуздун алдында актандыңыз беле? 

-- Акын болуу ары жагыңдан. Эгер сел жүрүп келатса, аны кол менен тосо албайсың. Сел жүрөт, көчкү түшөт. Күйөөлөрү жазганга каршы чыккан аялдар жан оорусу менен ооруп калат же түбөлүк депрессияга түшөт.

Менин күйөөм тескерисинче кээ бир ырларымды оңдоп коёт, “табигый жаз, жашырба” деп. Мисалы, “Ойношум жок, күйөөм бар” деген ырымды “Ойношум бар, күйөөм жок” деп оңдоп койгондо, ошол ырым аябай жаңылык жараткан. Ошон үчүн “кимге жаздың?” деген суроолор, актануулар түшүбүзгө да кирбейт.

-- Чынында мыкты акын болуш үчүн эмне кылыш керек? 

-- Мыкты акын болууну самагандар намаз эмес, китеп окушу керек. Тагыраагы, адам окуп, акыл казынасын байытып, өсүшү зарыл.

-- Союз мезгилиндей эл аралап ыр окугуңуз келеби? 

-Ооба, элди аралап, жалындуу ырларды окугум келет...

-- Азыр бешиктен бели чыга электер деле наам алып жатышат. Эмнеге наам алууга ашыкпадыңыз?

-- Наамды каяктан, кимден алат, ким берет? Такыр билчү эмесмин. Гүлсайра Момунова эжем өмүрүнүн акыркы жылдары эки жыл катары менен мага наам алып берүү үчүн чуркады. Бирок, эже өзүнөн кичүү агайлардан мен үчүн кагуу жеп калды. Эми бейиште жүрсүн. А наам боюнча азыр такыр ойлонбойм, себеби, менин өзүмүн атактуу наамым бар: БУРУЛКАН КАРАГУЛОВА (БУ КАРА) деген.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер