Кыяз Молдокасымов: “Коомдук фондго бюджеттен акча берилбесин” деген эреже кендирибизди кесип жатат”
Тарыхчы, “Мурас” фондусунун жетекчиси менен маек...
-- Кыяз мырза, Өзбекстан биздин тарыхчыларга өз архивинен пайдаланууга уруксат бергенин кабарладыңыз эле. Сиздер, тарыхчылар бул мүмкүнчүлүктү пайдалана баштадыңыздарбы?
-- Ташкентте Өзбекстандын мамлекеттик борбордук архивине 2018-жылы уруксат алып, бир жыл бою мүмкүнчүлүгүмө жараша иштедим. Ал мөөнөт 2020-жылдын 5-февралында аяктап, ушул жылдын 14-февралында кайрадан уруксат алдык. Болгондо да "Мурас" фонду өлкө боюнча 21 тарыхчыга тышкы иштер министрлиги аркылуу уруксат алып бердик. Эми кеңири барып иштеп, архивдик документтерди иликтеп, акчасын төлөп, каалашыбызча алып эмгектене берсек болот.
-- Бул архивден кайсы мезгилге, кайсы инсандарга тийешелүү материалдарды тапса болот?
-- Ташкенттеги архив өтө бай. 1860-жылдардан баштап, 1924-жылга чейинки маалыматтарды табууга болот. 1924-жылдан тартып архивдик документтер бизде сактала баштаган. "Эмне себептен бизге тийешелүү архивдик документтер Ташкентте сакталып калган?" деген суроону мага көп беришет. Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздар колониалдык доордо Түркстан генерал-губернаторлугунун Фергана, Сыр-Дарыя облусунун аймагында жашагандыктан, бардык документтер облустун борборуна, андан Ташкентке жиберилип, ал жерде сакталып калган. Колониалдык доордогу ар кандай маалыматтар, кат алышуулар, арыздар жана аны текшерүүлөр, эл каттоолор менен болуштук шайлоолор, көтөрүлүштөр менен аларды басып жазалоолор, ар кандай соттук териштирүүлөр, кыскасы, кыбыр эткен окуялардын бардыгы кагазга түшүрүлүп сактала берген. Алар бүгүн биз үчүн өтө баалуу тарыхый документ болуп эсептелет. Ошол доордо жашаган белгилүү инсандарга байланыштуу, болуштар, бийлер, казылар, миңбашылар, кыскасы, карапайым адамдарга чейин жыйналган маалыматтар да ошол архивде. Алымбек датка, Курманжан датка жана алардын уулдары, Полот хан, Токтогул, Чыйбыл болуш, Мырзакул болуш, Дыйканбай, Керимбай болуштар, Токтогул Сатылганов, Жаныбек казы сыяктуу аттуу-баштуулар тууралуу эчендеген баа жеткис документтер бар. Ал гана эмес кыргыздар жашаган бардык аймактарга тийешелүү документтер көп. Мына ошол документтердеги баалуу материалдардын негизинде тарыхты тактап, жазып жатабыз. Мурдагы президенттин учурунда уруксат алуу машакаттуу болсо, азыркы президент Шавкат Мироновичтин учурунда бизге, тарыхчыларга жылуу мамиле жасалып, архивге барып иштөөгө кеңири мүмкүнчүлүк ачылды. Бирок, кендирди кескен каражат маселеси эсибизди оодарып, байма-бай барып иштөөгө уруксат алынган бардык тарыхчылардын иштөөсүнө кедергисин тийгизип жатат. "Мурас" фонду аларга каражат жагынан жардам бермек түгүл кызматкерлери маяна албай зар болуп отурат.
-- Жогору жактагыларга кайрылып көрдүңүздөрбү?
-- Эми кайрылып жатабыз, “быйылкы жылдын бюджетине да киргизип бергиле” деп депутаттардан суранган элек. Азыноолак каражат бөлүнүп, ал да “ары тарт, бери тарт” болуп талашка түшүп, колго тийиши кыйын болууда. Анүстүнө “коомдук фондго бюджеттен акча берилбесин” деген эреже да кендирибизди кесип жатат. Президентибиз таза иштеп, анын жеке фондуна күргүштөгөн акча түшпөй, президенттик аппаратка караштуу фондубуз да каржалып турган кезибиз. Эми чечилип калар деген үмүттө карызга батып жашап жатабыз. Ал гана эмес, бак бутай коюп, мандикерлик кылып үй-бүлөмдү баккандан да кайра тартпай турган учурум.
"Азия Ньюс" гезити