Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чиновниктер пандемияда бизнес кылышса, Райым Матраимов элди сактап калган

Чиновниктер пандемияда бизнес кылышса, Райым Матраимов элди сактап калган

11-февраль, 18:11
1 909 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жылы пандемия апаатында элибиз кыйла каржалып, ден соолук азабын тартышты. Сырттан келген гуманитардык жардамдарды Сооронбай Жээнбековдун командасы, асыресе, Чыңгыз Айдарбеков, Данияр Сыдыков сыяктуулар сатышып, карапайым калктын көз жашынан пайда табышканбы? ПЦР тесттер, дары-дармектер ж.б. пулданганбы? Эгерде мындай жоруктары далилденсе, анда грант, кредитке келген жардамдарды тымызын уурдашары турган ишпи? Айтор, көп бүдөмүк көрүнүштөргө жооп ала албай отурабыз.

Былтыр март айында Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар ачыкталып, коомчулук дүрбөлөңгө түшө баштаган. Ооруну диний зыяратчылар алып келгени  азыр да зээнди кейитет. Көп өтпөй өлкө карантинге жабылып, өзгөчө абал киргизилген. Дал ошол оор күндөрү Райым Матраимов Кыргызстандын баардык региондоруна азык-түлүк, ун таратканын билебиз. Жетишсиз үй-бүлөлөргө бир топ огожо иш эле. Вируска каршы эмнелер керектелери алдыртан анализ кылынып, муктаждыктар ооруканаларда чечиле баштаган. Жаз айлары карантинге алынып, орто маанайда өткөнү менен июнь айынын аягы кырдаал курчуп кеткен да. Дал ошол кезде Райым Матраимов ооруканаларды ачтырып, дары-дармектерди камсыздап, ПЦР тесттерди, жасалма дем алдыруучу аппараттарды алдырып, эбегейсиз эрдик жасап, алкоого аларлык кызмат кылган. Канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калды? Ден соолук сакчысы катары Райым Матраимов колунан келишинче аянбастан мекендештерине кам көргөн. Ооба, июль, август айларындагы апаат унутулбайт...

Жыйынтыгында, Райым Матраимовго орден тагып, мамлекеттик деңгээлдеги сыйлык берсек жарашмак. Тилекке каршы, учурда ал соттук териштирүүдө көнөөкөр катары жооп берүүдө. Бул күндөр да өтөт. Райым мырзанын миңдеген адамдарга кылган жакшылыгы, сооп иштери дем берет. Ак батаны, ыраазычылыкты арбын алган каарманыбызды Кудай колдойт! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер