Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Убадасына турбаган, окуучулардын убалына калган Каныбек Исаков кетпейби?

Убадасына турбаган, окуучулардын убалына калган Каныбек Исаков кетпейби?

25-сентябрь, 13:15
4 646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри менен онлайн форматта жыйын өткөрдү. Жыйында министр Каныбек Исаков билим берүүдөгү жетишкендиктер жөнүндө, тагыраак айтканда, билим берүү тармагы санариптештирилип, андан бир жарым миллион киши пайдаланып жатканын, жайында ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн форматында болгонун ийгилик катары айтып мактанды. Эми бул шартка жараша болгонун президент деле билет да. Ага карабай эле бул жыйында министр мырза “президенттин көзүнө бир көрүнүп койсом, дагы чоңойтуп, өкмөткө вице-премьер, же улуттук университетке ректор кылып жибереби?” деген максатта далбастаганы көрүнүп турду. Министрдин сөзүнүн төркүнүн байкасак, билим берүүдө жалаң эле өнүгүү, ийгилик болуп жаткан сыяктуу туюлат. 

Кудайды карабай эле тамтаңдай береби?! Чын эле министр Каныбек Исаков айткандай, билим берүүнүн телегейи тегиз болсо кана? Министр ооз көптүрүп мактанганды коюп, өзү чече албай жаткан проблемаларды айтып, президенттен жардам сураса жарашмак, сөзү да жөндүү болмок. Иштин көзүн билген, билим берүүнүн жакшы-жаманын ажыраткан киши, ишке күйгөн жетекчи ошентмек. 

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө 4 миң 782 телевизор, 65 миң 616 окуучуда смартфон жок экенин айтып, маалымат таратты. Бул кейиштүү көрүнүш министр Каныбек Исаков үчүн проблема эмеспи? Ал эми ар бир үй-бүлөдө жок дегенде 3-4 окуучу бар экенин эске алсак, бул көйгөйдүн канчалык олуттуу экени ортого калкып чыгат. Ошондо 19 миң 128 окуучу телесабактарга катыша албайт, 262 миң 464 окуучунун смартфону жок болгондуктан, онлайн сабактарды окубай калышкан. Демек, онлайн форматта окуганга окуучулардын 25-30 пайызынын шарты жок. Мындай көрүнүш алардын келечегине балта чаап жатпайбы! Билим берүү системасы жылаңач экени ушундан эле ачык көрүнүп турбайбы! Бул кабырганы кайыштырган көйгөй министр мырзаны ойлонтпойбу? Куру дегенде чымын чаккандай да таасир бербейби? Ал эми региондордо интернет тыңгылыктуу иштебейт, байланыш өтө начар экени белгилүү. Бул да окутуунун сапатынын төмөн болушуна түздөн-түз таасирин тийгизип жатат да. Ушундай жагдайда ийгиликтүү санариптештирүү жөнүндө сөз болушу мүмкүнбү? Анан кайдагы сапаттуу билим? Миллиондон ашык окуучунун тагдыры, келечеги министр Каныбек Исаковго оюнчукпу? 

Онлайн форматта толук кандуу билим алуу үчүн окуучу компьютер менен иштесе жакшы болмок. Бирок, окуучулардын канча пайызында компьютер, же планшет бар экенин тактоодон өкмөт деле уялган окшойт. Онлайн сабактарды өтүү максатында мугалимдер компьютер, ноутбук сатып алыш үчүн кредит алып,  аракет кылып жатышат. Министр ошол карапайым мугалимдердин көйгөйлөрүн чечип бергенге жараган жок. Ага кызыккан да жок. Өзүнүн жеке турмушунда  телегейи тегиз болсо эле ошого эйфория болуп, мактанып жатканына караганда,  “канткенде дагы чоң кызматка жетем?” деп, керт башынын камын ойлоп жүрөт окшойт. Онлайн форматта окутууда көйгөйлөр чачтан көп болуп жатса, министр кайсы арына мактанат? 

Пандемия учурунда көп эне-аталар ишсиз калып, “интернет акысын төлөй албай калдык” деп арыз-муңун айтып жатышат. Онлайн форматта окутууда билим берүүнүн деңгээли төмөн түшүп кеткенин эксперттер айтып чыгышты. Жазында  бир чейрек окуганда кандай проблемалар чыкканын талдап, чечүүнүн жолдорун издеп, онлайн илимий-практикалык конференция уюштуруп, өткөн окуу жылын жыйынтыктап, кандай кемкарч бар экенин тактап, жаңы окуу жылында эмнелерге көңүл буруу керек экендиги мерчемделген эмес. Биз бул жерде оркоюп көрүнүп турган көйгөйлөрдү гана ортого салдык. 

Министр Каныбек Исаков жаңы дайындалганда “мектептердеги акча жыйноону кан буугандай токтотом, мектеп фонддорун жабам” деп опурулуп, “Марал” радиосунан элге убаданы чоң берди эле, анысынан дайын жок. Аткарылган жок. Ал эми акча чогултуу маселеси ого бетер күчөдү. Же өзү мектеп директорлоруна кошулуп алганбы?..

Министрликтин сайтына кирсең, маалыматтардын баары орусча, министрликте иш кагаздары негизинен орус тилинде жүргүзүлөт экен. Каныбек Исаков билим берүүнү оңдогонго кудурети жетпесе, куру дегенде мамлекеттик тилдин ишке ашуусуна кыргыз тили боюнча адис катары анча-мынча салымын кошпойбу? Кооз сүйлөп, мактана бергенден эмне чыгат?

“Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт” дегендей, министр Каныбек Исаков президентке жакшы көрүнүү жандалбасында экен. Жеке кызыкчылыгы үчүн билим берүүдөгү сүзөктөгөн, жарылууга жетип калган көйгөйлөрдү, кемчиликтерди  жашырып, бүтүндөй бир системаны гүлдөп жаткандай көрсөтүп жатышы менен ансыз да аксаган, бечел, жылаңач билим берүүнү “өлгөнгө көмгөн” кылып, курмандыкка чалганы жатат...

Кыскасы, убадасына турбаган, окуучулардын убалына калган министр Каныбек Исаков кетпейби? Ансыз да билим берүүнү артка тартып, кейиштүү жагдайга такап салды. Өтө өкүнүчтүү!..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер