Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлисбек Акматов: “Агам Алмазбек Акматовдун атына арнап, чет элдик коноктор үчүн эс алуучу жай ачтык”

Марлисбек Акматов: “Агам Алмазбек Акматовдун атына арнап, чет элдик коноктор үчүн эс алуучу жай ачтык”

04-июль, 09:00
528 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жума этегинде Теңир-Тоодо, тактап айтканда, Нарын шаарынын кире беришине Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутат болгон коомдук ишмер, маркум Алмазбек Акматов атындагы этнокомплекс ачылды. Кыргызстандагы туризм жаатын өнүктүрүүдө сырттан келген конокторубуз үчүн мыкты эс алуучу жайлардын бирине айланары шек жаратпашына өзүбүз күбө болуп келдик.

-- Марлисбек мырза, агаңыздын атындагы этнокомплекс башка эс алуучу жайлардан эмнеси менен айырмаланат деп ойлойсуз?

-- Биздин ата-бабалар жер каймактагандан бери көчмөн цивилизациясынын алкагында жашоо өткөзүп келген эмеспи. Агамдын атындагы эс алуучу жай ушуну негизги өзөк кылып, кыргыздын баалуулуктарын чет элдик конокторго тартуулоо менен эриш-аркак эс алып кетүүсүн каалап, баардык шарттарды карадык. Алсак, ар бир бозүйдө экиден адам жайгашат. Алардын заманбап санузелдери, анын ичинде чайына турган душ, туалети бар. Мындай бозүйдөн 18и бар, демек, 36 чет элдик конок бир учурда эс алса болот. Бу жерде эс алып аткандар үчүн эртең менен кыргыздын мыкты тамактары сунушталып, андан кийин Теңир-Тоо чөлкөмүндөгү табигаттын кооз жерлерине саякатка алпарып келебиз. Ара-чолодо улуттук оюндар көргөзүлөт. Анын ичинде бүркүт салмай, улак тартыш, кыз куумай, ордо атыш, тушоо кесүү ж.б. оюн-зооктор. 

-- Улуттук тамактардан чет элдик конокторго кайсыларды сунуштайсыздар?

-- Сүт азыктары: айран, уй кымыз, кымыз, чалап, эжигей, ууз, чөбөгө, куруттун түрлөрү. Эт азыктарынан бешбармак, багылан козу, куурдак, шорпо ж.б.

-- Кышында да кабыл алсаңар болобу?

-- Быйыл жай мезгилине гана дедик. Кийинки жылы жылдын кайсы мезгили болбосун кабыл алганга шарт түзөбүз. Бозүйлөрдүн тамандарына жылуу пол салып, ысык суу киргизип ж.б. 

-- Бир күндүк баасы канча болот жана өзүбүздүн жарандар да эс алса болобу?

-- Азырынча бир күндүк баасы 3 миң сомдун тегерегинде болмокчу. Ал эми өзүбүздүн жергиликтүү элдерге да шарттар каралууда. Бош орундар болуп калса, алар үчүн да эс алуу жайыбыз кызматта. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер