Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыке бошобой атса керек, соңку үмүт Курманкул Зулушевде...

Камчыке бошобой атса керек, соңку үмүт Курманкул Зулушевде...

17-октябрь, 09:00
810 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР башкы прокурору Курманкул Зулушевге

Кайрылуу

Урматтуу Курманкул Токторалиевич! 

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Азия Ньюс гезити аркылуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге Ысык-Көл районуна караштуу Өрнөк айылындагы мыйзамсыз, өзүмбилемдик боюнча дал ушундай кайрылуу менен чыккам. Гезит жарык көргөндөн кийин, сыясы кургай электе Камчыке мени кабыл алып, маселени жеке өзүнүн көзөмөлүнө алып, жардам берилерин айтып, ишти кол алдындагы жергиликтүү чиновниктерине дайындаган. Андан бери толук төрт ай өттү. Бул аралыкта мага алакандай кагазга айрым шылтоолор камтылган каттан башка тыңгылыктуу жооп келбеди. Кыскасы, Камчыбек Ташиевдин ишти көзөмөлгө алып, дайындатканы ара жолдо калдыбы? Чек арадан колу бошобой атса керек...


Урматтуу Курманкул Токторалиевич! 

Мени 5 эле мүнөткө жеке кабыл ала аласызбы? Ушул аралыкта Өрнөк айылындагы мыйзамсыздыкты айтып үлгүрөт элем. Сиз региондорду кыдырып, мыйзамсыздыкты катуу көзөмөлдөп жатасыз. Эми биздин Өрнөк айылына да көз кырыңызды салып, маселени жүр-нарыга салбай чечкенге жардам бере аласызбы? Сизден бир гана сураныч: ушул кайрылууну окуп калсаңыз, ишти кол алдыңыздагы жергиликтүү кызматкерлериңизге дайындабаңыз. Алар эч качан маселе чечишпейт. Бири-бирине кат жөнөтүп коюп отурушат. Мени 5 эле мүнөткө кабыл алсаңыз, баардыгын өз оозум менен айтып, фактыларды көзгө сайып көрсөтүп берем. Эгерде сизден да бул кайрылуума жооп болбосо, 25-ноябрда бийлик тарабынан өткөрүлө турган курултайга барып, өзүмдү-өзүм өрттөөгө бел байласамбы? Айтор, арга кетип жатат...


Кайрылуу ээси Эрнис Исабеков

Тел.: 0505-19-71-08

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер