Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаш кыздардай кийинем, бирок мага көңүл буруп, колумду сурагандар болбоду

Жаш кыздардай кийинем, бирок мага көңүл буруп, колумду сурагандар болбоду

28-октябрь, 12:07
1 426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен өмүр бою жакшы жашоону кааладым. Бала кезде жокчулукка кабылып калгангабы, айтор, мени адамдык сапат эмес, байлык азгырып келет. Студент кезде бай адамдын үйүн жыйнап, аялынын кирин жууп иштедим. Алардын кымбат баалуу жашоосу мени өзүнө тартып алды. Бир аз алган айлыгымды аларга окшоп кийим издеп, Дордой базарын түрө кыдырып, окшош, бирок алардыкынан арзан кийим таап кийем. Ал жерде аялын карап он жылга чукул иштедим. Аялынын оорусунун айынан аны менен кошо чет өлкөгө чейин барып келдим. Бул жашоо мени элиталык батирлерге жашоону, кымбат машина айдоону жана акчалуу эркекти табууну көксөттүрдү. Бирок жашоомдо андай мен ойлогондой мырзалар мага жолукпады. 

Убакыт ошентип бирөөнүн жашоосуна өзүмдүкүн окшоштурам деп өтүп кеткенин билбей калыптырмын. Жакын курбуларым болсо бут кийими кир, же бырышкан футболкачан жигиттер менен жүрүп эле тийип алышкан. Алардын жетип-жетпеген жашоосу мени кызыктырган жок. Бара-бара алар менен да катышты токтоттум. Кысынып жүрүп, араң кичинекей машинага жеттим. Фитнес клубдарга жазылдым. Жаш кыздардай болуп кийинем, бирок мага көңүл буруп, менин колумду сурагандар болбоду. Жакында аялы каза болгон бай адам менен тааныштым. Эч нерсесине карабай тийип алдым. Ал болсо мага үйлөнгөнгө чейин эки жыл мурун эле импотент болуп калыптыр. Бир төшөктө коңурукту кош тарткан абышка менен укташ мен үчүн оор, жийиркенем... Бирок, жашоо мен кыялданганга бир аз окшошуп кетет. Эч кимге айталбаган көйгөйүм – бул менин кырк бешке чыксам да кыз бойдон болгонум...

Индира

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер