Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айжан Акылбекова: “Парламенттик шайлоодон жакшы жаңылыкты күтпөйм”

Айжан Акылбекова: “Парламенттик шайлоодон жакшы жаңылыкты күтпөйм”

14-сентябрь, 08:11
1 567 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айжан айым, учурда эмне иш менен алексиз? Мода жаатында эмне жаңылык?

-- Дүйнө жүзүндөгү болуп аткан мода менен алектенбейбиз. Биз бир гана кыргыздын улуттук кийимдеринин балким жеңилдетилген, кээ бир учурда трансформация болгон, же күнүмдүк жашоодо кийип жүрсөк болот беле (?) деген сунуштарга эксперименттерди жасоо менен алекпиз. Жаз жана күз айларында мен жетектеген “Оймок Арт” студиясына түшкөн каражаттарды топтоп, улуттук кийимдерди элге сиңирүү максатында ар кандай долбоорлорду жасайбыз. Быйыл да Кудай буюрса Бишкек шаарында өткөрүүнү пландап жатабыз. 

-- Күздө парламенттик шайлоо келатат, сиздин буга көз карашыңыз?

-- Биз бүгүн, тилекке каршы, баардыгыбыз саясатка кызыгып, саресеп салып турган учурубуз. Анткени саясатка компетентсиз, элдин жоопкерчилигин сезбеген, кээ бир учурда билимсиз да адамдар келип жатканы келечек муунга коркунуч жараткандай. Күздөгү парламентке келе турган депутаттардан балким эне катары бир гана нерсени каалайт элем: мурунку өткөн трагедиялардан, жагымсыз жорук-жосундардан сабак алганды унутпаса экен. Анткен менен бу жолку парламенттик шайлоодон жакшы жакка секирик жасай турган жаңылыкты күтпөйм.

-- Сиздин оюңузча, жакшы секирик кандай учурда болот дейсиз?

-- Саясатка жаңы муун келгенде “X+Y” мууну жоголуп, дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүртүп, адамзат эмнеге муктаж, руханий жана интеллектуалдык баалуулуктарды чогуу алып кете турган инсандар саясатка келгенде гана коомдо, мамлекетибизде өзгөрүүлөр болот. 

-- Алдыдагы иш пландарыңыз боюнча ой бөлүшүп коёсузбу?

-- Кийинки 10 жылдар аралыгында көбүрөөк илим-билим алганга аракетимди кылып келем. Быйыл үчүнчү жогорку окуу жайда билим алдым. Бу жолкусунда теолог-педагог багытында. Алдыда дагы эки ЖОЖду тандоо алдында турам. Дагы эле магистратура же докторантурага барышым мүмкүн. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер