Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Саакашвилини камап, грузин бийлиги чоң ката жасады»

Бекболот Талгарбеков: «Саакашвилини камап, грузин бийлиги чоң ката жасады»

18-ноябрь, 12:14
2 236 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили мекенине кайтып келери менен учурдагы бийлик аны камакка алган. Бул окуя боюнча пикирин сурап, биз белгилүү коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго кайрылдык. 

-- Бекболот агай, биз сизди дүйнөдөгү болуп өткөн реформалардын жүрүшүн, ири реформаторлордун иш-аракеттерин ар тараптуу изилдеген окумуштуу жана кыргыз айыл чарбасын көтөргөн министр катары тааныйбыз. Алгач коомчулукка ири реформалар жана реформаторлор боюнча маалымат берсеңиз?

-- Тарыхка көз салсак, анда мамлекеттик жетекчилер эки топко бөлүнөрүн көрөбүз. Биринчи топ (дээрлик токсон пайызы) – кадыресе иштермандар. Алардын жакшы иштери да, кемчиликтери да болот. Экинчи топ (он пайызы) – өзгөчө жетекчилер. Алардын өз элинин, өлкөсүнүн тагдырына таасири зор болот. Бул өзгөчө топ да ич ара үч типке бөлүнөт. Алар: диктаторлор, волюнтаристтер жана реформаторлор. 

-- «Диктаторлор» деп кимдерди айтсак болот?

-- Адамзатка ХХ кылым төрт ири диктаторду берди. Алар: Сталин, Гитлер, Пиночет жана Саддам Хусейн. Диктаторлор өздөрү башкарган мамлекетти эбегейсиз күчкө айландырышат. Ар бир адам анын «тетигине» айланат. Диктатордук режимде мамлекет эл үчүн эмес, эл мамлекет үчүн кызмат кылат. Диктаторлордун мамлекетти башкаруу ыкмалары окшош, бирок натыйжалары ар башка. Алсак, Сталин жана Пиночет мураска мыкты өлкө, күчтүү мамлекет калтырышты. Ал эми Гитлер жана Саддам Хусейн өз элдерин азап-тозокко салып кетишти. 

-- «Волюнтарист» деген өзгөчө жетекчилер кимдер? 

-- Ал чет элдик түшүнүктү орустар эбак эле «самодур» деп которуп алышкан. ХХ кылым үч ири «самодур» жетекчини берди. Алар: Мао Цзэдун, Хрущёв жана Горбачёв. «Самодурлар» көп сүйлөшөт, ишке ашпаган кыялдарын өлкөгө таңуулай беришет. «Великий кормчий» атка конгон Мао бийликке жетип, «коррупцияга каршы күрөшөм» деп эки миллион адамды өлтүрткөн. Анын «чоң секирик», «маданий төңкөрүш» деген ири кампаниялары кытай элине далай азап-тозокту алып келген. Бирок акылман кытай эли «Маону ишинин 70 пайызы туура, 30 пайызы туура эмес болгон» деп аны жектебей, тескерисинче урматтап келет. 

Хрущёв Сталинден күчтүү мамлекетти мураска алган. Ал популисттик саясый жүрүштөрү, мамлекеттик башкарууну чакчелекей кайра уюштуруусу, айыл чарбаны «жүгөрүлөштүрүү» сыяктуу иш-аракеттери менен өлкөнү алсыздандырып, совет элин ачарчылыкка чейин алып келген. Ал эми Горбачёвдун «перестройка», «гласность», «антиалкогольная кампания» ж.б. популисттик саясат, иш-аракеттери дүйнөдөгү ири державанын, СССРдин кыйрашына алып келди. 

-- Реформаторлордун тизмесине кезек берели…

-- Адамзатка ХХ кылым уникалдуу реформаторлорду тартуулады. Аларды да карап көрөлү. Россия, 1906-жыл. Оор кризисте турган өлкөнүн премьер-министри болуп Саратовдун губернатору Пётр Столыпин дайындалат. Ал ишинде айыл реформасына басым жасап, ири помещиктердин жерлерин кайра бөлүштүрүп жана Уралдан Сибирге чейин, Борбор Азияга да көчүрүп, он миллиондогон орус калкын жер ээси кылып, аларга зарыл шарттарды түзгөн. Азык-түлүк импортер орус өлкөсү ири экспортерго айланган. Тилекке каршы, реформа үчүн жыйырма жыл тынчтык сураган Столыпин 1911-жылы террористтин колунан каза болгон. 

Германия Федеративдик Республикасы, 1948-жыл. Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилген өлкөнүн абалы катастрофалык чекке жеткен. Өнөр жай жана башка тармактар толук талкаланган. Ачарчылык өкүм сүргөн. Атактуу Нюрнберг процессинин жашыруун чечимине ылайык, өлкө (ФРГ) СССРге 25 миллиард доллар өлчөмүндө кун төлөөгө милдеттендирилген. Бул сумма болжолу азыркы 2,5 триллион долларга барабар болсо керек. Немис элинин бактысына өлкөнүн экономика министри Людвиг Эрхард 1948-жылы экономикалык реформага чечкиндүү киришкен. Дароо акча реформасын баштап, чабал «рейхсмарканы» жаңы күчтүү немец маркасына алмаштырат. Анын реформалары укмуш натыйжаларды берген. Алдыңкы он жыл инфляциянын төмөн деңгээли, жумуш орундарынын көбөйүшү, өнөр жай тармагынын тездеп өнүгүшү менен коштолгон. ФРГ 1955-60-жылдары эле Батыш Европада эң өнүккөн өлкөгө айланган.   

Сингапур, 1965-жыл. Бул жылы Улуу Британиянын колониясы болуп келген өлкө эркиндик алган. Анын биринчи премьер-министри Ли Куан Ю эң мыкты реформаларды жасап, артта калган жакыр өлкөнү 1980-жылдары эле дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кошкон. Анын реформаларынын пайдубалы – өлкөдөгү темирдей тартип, коррупцияны түп-тамырынан кыркуу жана эркин ишкерчилик. 

Кытай, 1978-жыл. Өлкөнүн лидерлеринин бири Дэн Сяопин «төрт өзгөртүүлөр программасын» сунуштайт. Ал айыл чарба, өнөр жай, коргоо жана илим-техника тармактарын камтыган. Анын алдында улуу реформатор Япония, Сингапур, Таиланд, Малайзия өлкөлөрүндө болуп, кытайдын социалисттик коомдук пландык экономикасы капиталисттик менчик рынок экономикасынан алда канча артта калганын өз көзү менен көрүп келген. Дэн Сяопиндин даанышмандыгы – Горбачёвдон айырмаланып, саясый ураандардан алыс болуп, компартиянын үстөмдүгүн күчөтүп, ал эми экономиканы түп-тамырынан бери реформалаганы. Натыйжада улуу держава, коммунисттик СССР талкаланып, ал эми коммунисттик Кытай алп мамлекетке айланды. 

-- Жаңы кылымга өтөлү. Сиз Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин реформаларын да изилдеп, талдап жүрөсүз. Алардын тажрыйбасынын бизге канчалык пайдасы бар? 

-- Албетте, дүйнөлүк масштабда Саакашвили өткөн кылымдын улуу реформаторлоруна атаандаштык кыла албайт. Бирок анын реформасы постсоветтик жакыр өлкөдө жүргөндүгү үчүн бизге сабак. СССР маалында «калкынын жашоосу жакшы» деп эсептелген Грузия 1990-95-жылдары ири кыйроого учураган. Өндүрүштүн көлөмү 1960-жылдагы деңгээлге түшкөн. Улуттар аралык согуш жүргөн. 1995-жылы президент болуп шайланган Эдуард Шеварнадзе өлкөдө тынчтык орноткон менен эл жакырчылык сазынан чыккан эмес. Бул шартта, 2003-жылы президент болуп шайланган Саакашвили чечкиндүү реформалары менен Грузияны бийик деңгээлге көтөрүп кетти. 2004-2008-жылдары өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүш темпи жылына 9-12 пайызды түзгөн. Бюджеттин киреше бөлүгү алты эсеге, товарлардын экспорту үч эсеге көбөйгөн. Орточо айлык сегиз эсеге өскөн. Саакашвили бийликке келген жылы (2003-ж.) Грузия коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдө 124-орунда турган (Кыргызстан 113-орунда болчу). Ал бийликтен кеткенде, 2012-жылдын жыйынтыгында Грузия 51-орунга көтөрүлгөн (Кыргызстан ал аралыкта 113-орундан 154-орунга түшкөн). Ырас, Саакашвилиде кемчиликтер да болгон. Алсак, анын антироссиялык саясаты, Түштүк Осетияга каршы согуш ачканы өлкөгө кесепетин тийгизди. Бирок, Грузияга мыкты ийгиликтерди алып келген реформаторго кийинки грузин бийликтери дайыма урмат-сый көрсөтүп турушу керек эле. Анын ордуна учурда камакка алынышы – бул учурдагы грузин бийлигинин чоң катачылыгы. 

-- Биз сиз менен «Садыр Жапаровдун президенттик ишине бир жыл толгондо кеңири маек уюштуралы» деп эбак эле макулдашканбыз. Ал маек буюрса келерки жылдын февраль-март айында жарык көрөт. Ошентсе да, азыр өлкөбүздөгү абалга да учкай көз жүгүртөлү. Сиз жогоруда берген аныктама боюнча Садыр Жапаров кайсы типтеги лидер болуп саналат?

-- Ал көп сүйлөгөн, оюна эмне келсе ошону жасай берген президент Алмазбек Атамбаевден айырмаланып, бактыга жараша, «самодур» жетекчи эмес. Өткөн мезгил муну тастыктады. Ал кандайдыр бир авантюралык долбоорлорду сунуштабады, өлкөнүн карызын көбөйтпөдү. Ошондой эле диктатор да эмес. Диктаторлор мамлекетти күчтөндүрүшөт. Ал эми Садыр Жапаров мамлекеттин эмес, өзүнүн жеке бийлигин эле бекемдеп келе жатат. Ал реформатор да эмес. Бийликке «экономикалык реформаларды жүргүзөм» деген ой-максаты менен эмес, саясаттагы аракети, өзгөчө «коррупциянын тамырын кыркам» деген урааны, сүрмө топтун, «дакансалардын» сүрөөнү менен келди. Ал эми сүрмө топ эч убакта реформа талап кылбайт. Аларга абада калкып, көзгө урунуп турган убадалардын аткарылышы гана маанилүү. Демек, Садыр Жапаров жетекчилердин «өзгөчө тобуна» кирбейт. 

-- Анда өткөн он айда Садыр Жапаров эмне иш жасай алды?

-- Эгемен Кыргызстанда 1991-95-жылдары кыйроо процессинен улам ички дүң продукциянын көлөмү 45 пайызга азайган. Ал эми 1996-жылдан баштап 2010-жылга чейин мамлекеттин «дөңгөлөгү», экономикасы тез болбосо да алдыга гана жылып келген. Ал эми 2010-жылы аты «парламенттик», заты «анархиялык», башаламан, жоопкерсиз мамлекеттик башкаруу Башмыйзам аркылуу расмий орнотулгандан бери, 2020-жылга чейин, мамлекеттин «дөңгөлөгү» тескери гана айланып келди. Бул он жылдыкта кыргыз мамлекети өзү анархистке жана коррупционерге айланды. Натыйжада өлкө карызга белчесинен батты, жакырчылык күчөдү, кыргыз мигранттарынын токсон пайызы ушул мезгилде өлкөдөн кетишти, саясый коррупция шумдуктай гүлдөдү. Мисалга, экономиканын негизги көрсөткүчүн алалы. Эгер Кыргызстанда экспорт жана импорт 2005-жылы эле барабар көлөмгө жеткенин эске алсак, анда 2010-20-жылдары импорттун экспорттон үч эсеге көп болуп калышы – бул мезгилде экономикабыздын терең сазга батканын тастыктап турат. Анархист, коррупционер мамлекеттин кесепетинен, экспорт-импорт катнашынын тескери балансынан улам өлкө соңку он жылда 20 миллиард доллар уттурду. Бул зор акча чет өлкөлөргө чыгып кетти. Эгерде дал ошондой эле суммадагы акчаны Кыргызстанга мигранттар которбогондо (он жылда), анда инфляция асманды чапчып, бүгүнкү күнү АКШ бир доллары болжолу кыргыздын 300 сомуна сатылып калмак. 

Демек, Садыр Жапаровдун он айда жасаган башкы эмгеги – Убактылуу өкмөттүн «Сусаниндери» жетелеп, сүйрөп бараткан «тозок жолдон» Кыргызстанды артка кайтарганы. Анархиялык мамлекеттик системаны расмий орноткон 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамга чекит коюлду. Мамлекеттен коррупция ажыратылды. Ал эми анархияга, башаламандыкка баш-оту менен чырмалган өлкөнү оңдош үчүн дагы убакыт керек. Эгер Садыр Жапаров аталган башкы эмгегинен тышкары Кыргызстанды дүйнөлүк коррупция рейтинги боюнча азыркы 124-орундан кийинки беш жылда алдыңкы 75 өлкөнүн катарына кошо алса, анда ал кыргыз элинин татыктуу президенти катары тарыхта калат эле. 

-- Садыр Жапаровдун колунан эмне иш келбей жатат?

-- Ал кыргыз экономикасын көтөрө албайт. Учурдагы каатчылыкты жеңүүгө кудурети жетпейт. Анын себептери бар. Биринчиден, өлкөгө коррупция жана ковид пандемиясы чоң сокку урду. Экинчиден, Садыр Жапаровдун экономикалык программасы жок. Алган багыты белгисиз. 

-- Кызык, президент «экономиканы көтөрөт» деп Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин төрагасы кылып дайындабадыбы?

-- Акылбек Жапаровдун тажрыйбалуу финансист экени талашсыз. Бирок анын прогрессивдүү экономикалык көз карашы, билими, программасы жок. Ал бюджеттин киреше бөлүгүн өзү билген «фискализация» деген ыкма менен көбөйткөнү жатат. Ал терминди орусчага которсок «манипуляция», кыргызчасы «көз боёмочулук». Экономика салыкты көбөйтүү менен эмес, өндүрүштү өнүктүрүү, тикелей инвестиция тартуу, экспортту көбөйтүү жолдору менен өнүгөт. Акылбек Жапаровдун учурда сунуштап жаткан жаңы Салык кодекси өлкөдөгү ишкерчиликти муунтуп, ишкерлердин башка өлкөлөргө ооп кетишине, потенциялдык инвесторлордун айнып, бизге келбешине алып келет. 

-- Ал «салыкты жашырган ишкерлер көп» деп жатат го?

-- Ар кайсы өлкөлөрдүн экономикалык тарыхын карап көрөлүчү. АКШда өткөн кылымдын 70-80-жылдарында дал ушул Акылбек Жапаровдун «фискализация» ыкмасы модада болгон. Анан 1981-жылы өлкөнүн президенти болуп киноактер Рональд Рейган шайланат. Анын экономист кеңешчилери бизнестеги салыктардын көлөмүн кескин азайтууну сунушташат. Экономикадан түшүнүгү жок Рейган макул болуп, колдоп берет. Натыйжада бизнес жанданып, өндүрүш өсүп, салык төлөөчүлөрдүн саны көбөйүп, бюджеттин кирешеси артат. Рейгандын экономикалык программасы «рейганомика» деген наам менен тарыхта калды. Салыктын көлөмүн азайткан «рейганомика» же салыктын көлөмүн көбөйткөн «акылономика» натыйжалуубу, муну эми турмуш далилдейт. Дагы бир мисал. Грузияда Саакашвили бийликке келгенде «Экономикалык эркиндиктин акты» деген мыйзам кабыл алынган. Ал боюнча өкмөт же парламент Салык кодексине эч өзгөртүү киргизе албайт. Бул маселе жалпы элдик референдум менен гана чечилет. Ал эми Акылбек Жапаровдун бул маанилүү маселени «чимкирик» парламент аркылуу чечип жатканы кылмыш ишине барабар. Кошумча айтсак, 2000-жылдан тарта ар бир бийлик жаңы салык системасын киргизет. Кредит, гранттардын эсебинен аларды иштеп чыккан адистер 30 миллион доллар сарпташты. Улам «мына, укмуш салык системасын кабыл алдык!» деп жарыя кылышат. Эми ошол «укмуш системаны» Акылбек Жапаров дагы «укмуштап» жатат. Бул иш-аракеттерден эч майнап болгон эмес, дагы деле болбойт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер