Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азат Эркебаев: “Кытай менен кошуналык жагдайыбызды туура пайдаланууга мезгил келди”

Азат Эркебаев: “Кытай менен кошуналык жагдайыбызды туура пайдаланууга мезгил келди”

15-февраль, 20:11
1 736 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Жаңы жибек жолу» соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы менен маек.

-- “Учурда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңжал курчуп кетпейби?” деген кооптонуулар болуп турат. Бийлик тарап кандай кадамдарга барса болот? 

-- Акыркы кездерде Тажикстандагы коомдук-саясый абал туруктуулуктан чыгып, ички саясатында, аймактарында абалды курчуткан, Э.Рахмон башында турган режим үчүн баш ооруткан маселелер, абалдан чыгуунун жолдорун, айла-амал издеткен жагдайлар көбөйдү. Айрыкча Кыргызстанга Чоң-Алай, Алай жактан чектешип турган Тоолуу Бадахшан автоном облусунда, борбору Душанбе менен памирликтердин ортосунда чыңалуу күчөп турган кез. 2021-жылдын ноябрынан ушу күнгө чейинки аралыкта бул аймакта абдан көп орчундуу окуялар болуп өттү жана азыр да уланууда. Терс өңүттө өнүгүп, тереңдеп бараткан окуяларга Тажикстанда, айрыкча Тоолуу Бадахшанда таасири зор исмаилиттердин падышасы Ага-Хан IV да терең тынчсыздануусун билдирип кайрылууга аргасыз болгон. 24-январда Тажикстандын түштүгүндөгү Вахш районунда “Ислам кайра жаралуу партиясынын” негиздөөчүсү, тажик оппозициясынын мурдакы лидери маркум Саид Абдулло Нуринин (учурунда Бишкекке келип тынчтык сүйлөшүүлөргө катышкан) жакын тууганы Нусратулло Саидовдун кармалышы Бадахшандан тышкары да аймакта кошумча нааразычылыктарды жаратууда. Көрсөтүлгөн окуялар Тажикстандын акыркы убактагы ички саясатына терс таасирин тийгизип жатса, ал эми социалдык-экономикалык абалда да кыйынчылыктар аз эмес. 

Кошуна өлкөдөгү жогоруда көрсөтүлгөн ички коомдук-саясый жана экономикалык жагдайлар тажик бийлигинин башында турган кландык топту өз элинин нааразычылыгын күчөп кетип, башка (чукул, чектен чыккан) формага (Казакстандагыдай) чыгып кетпөөсү үчүн айла-амал табуу, жандалбастоого түртүп турат. Буга кошумча Ооганстандын факторунан чыгып, аны да өз жеке кызыкчылыгына пайдаланып жаткандарын байкасак болот. “Айта берсе арман көп” дегендей, Э.Рахмондун ден соолугу, бийликти баласына өткөрүп алуу, аймактык кландардын кызыкчылык кагылышын алдын алуу маселелери чечилбей турат. Ушулардын баары Э.Рахмон башында турган топтун бийликти сактап калууга, аны бир жерге, колго концентрациялоо, улутту өз айланасына бириктирүү үчүн жерди талашкан тышкы душмандын образын жаратып, өзүлөрүн жападан жалгыз мекендин коргоочулары катары көрсөтүү амалдарына өткөнүн бизге айгинелеп турбайбы? Мындай жагдайда, албетте, жеке өз кызыкчылыгын көздөп (контрабанда, наркотрафик), пайдаланып калгысы келген кээ бир майдараак ички фигуралардан баштап (мурдакы талаа командири Шох, кай бир тажик күч органдарынын жетекчилери сыяктуу), аймагыбызга таасири бар тышкы оюнчулар (үчүнчү күчтөр, өлкөлөр) да уктап жатпайт эмеспи. 

Жогорудагы жагдайларга кенен токтолуп кеткеним, “чек арадагы абал курчуп кетпейби?” деген сурооңузга тикелей тийешеси бар, себеби кыйыр же түз себепчилерден болуп бериши мүмкүн. Кайра жаңжал чыккандан Жаратканым сактасын албетте, бирок “сактыкта кордук жок”, “сактансаң сактаймын” дегендей, биз өзүбүз да даяр турушубуз керек. Атпай кыргыз журтунда ынтымак, биримдик өкүм сүрүп, жергебизде тынчтык, туруктуулук сакталып, ички саясатта казаныбыз боркулдап кайнап, чыңалуу жаралбай турганы абадай керек. Бирок мамлекет, бийлик, өкмөт да ушуга өз салымын кошуп, туура саясат жүргүзүп (кээ бир саясатчыларды абактан боштондукка чыгарып, кызмат да бергени ошого ишеним, үмүт жаратат), экономикада алгылыктуу ийгиликтерди жаратышы абзел. Чек ара аймактарыбыздагы тийешелүү кызматтар, бийлик органдары зирек болуп, тегеректеги кырдаалга тыкыр көз салып, маалыматтан калбай, абалдын ар кайсы өңүттө өнүгөрүнө даяр болуп, колдон келсе алдын алышы керек. Ал эми кыргыз-тажик чек ара маселесинде дипломатиялык жолду тандап алып, ошол эле учурда аскерибизди, чек ара кызматын күчөтүп, азыркыдай курал-жарак, техника жагынан жаңылоо, чек ара аймактарын (Баткен облусу гана эмес, Чоң-Алай, Алай райондору дагы) бекемдөө, социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын аныктоо, ишке ашыруу саясатын приоритеттүү негизде алып барышы – мезгилдин эң маанилүү маселеси болуп жатат. Бул багытта өткөн жылы Баткен облусуна өзгөчө макам, жакында облустун чек арага жакын жайгашкан 62 айылына өзгөчө макам берилиши абдан туура кадам болду.

-- Деги эле чек ара боюнча азыр кандай абалдабыз? Кооптуу айылдардагы эл кандай шартта жашап жатышат?

-- Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, азыркы тапта анын 519 чакырымы гана такталганы маалым. Өткөн жылдан бери чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калган. Акыркы жаңжалдан кийин эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү жанданып, топографиялык жумушчу топтору 10-15-февралдарда Кыргызстанда жолугары күтүлүүдө. Бул иш-аракет чек арадагы абалды тынч, конструктивдүү нукка салганга салымын кошот деп үмүттөнөм. Ал арада 4-февралда Баткендеги чектешкен кыргыз-тажик айылдарынын аксакалдары эки элдин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, мамилени жакшыртуу максатында жолугушуп, биримдикте жашоо керектигин билдиришип, жаштарды да ынтымакка чакырып, карым-катнашты бекемдөө таризинде жылуу-жумшак сүйлөшкөнү, албетте, жакшы жышаан болду. 

Кооптуу делген айылдардагы элдин абалы, ачыгын айтсак, кубантарлык эмес. Биз да Баткенге, ошол айылдарга барып келип жүрөбүз, тууган, дос-жар деген бар, сурашып турабыз ал-акыбалдарын. Негизи эле Баткенде кыйынчылыктар башка облустарга караганда көбүрөөк, бирок чатак, жаңжал, атышуулар болуп келе жаткан айылдардагы элибизди, албетте, баатыр, каарман (!) дешибиз керек. Ошентсе да алардын жандүйнөсүн, эмоционалдык-психологиялык абалын жакындан сезип, түшүнүп, өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, кыргыз жерин, атажуртун таштабай чек арага чеп болуп жашап жүргөндөрүнө миң мерте ыраазы да болушубуз керек. Ошол айылдардын элдеринин бирден-бир суранычы, талабы – чек араны тезирээк тактап, жалпак тил менен айтканда, зым тартып таштаса, тилеги аныкталган чек ара тилкесинде тынчтык, коопсуз жашоо өкүм сүрсө. Эң оболу коопсуздук маселеси чечилсе, анан карапайым калктын турмуш-тиричилик, социалдык-экономикалык шарттары оңолсо, анын ичинде жумуш орундарды түзүү, таза жана сугат суу чыгаруу, саламаттык сактоо, билим берүүнүн деңгээли көтөрүлсө.

-- Жакынкы күндөрү дагы бир чоң саясый окуянын күбөсү болдук. “Президентибиз Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапары кандай үмүт жаратты? Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр кандай өнүгөт?” деген суроолор көпчүлүктү кызыктырып турат? 

-- Азыркы тапта Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясый да, экономикалык да алакаларды жакшыртып, тереңдетүү аракеттери жүрүп жатат. Бул биринчиден, чектешкен эки кошуна өлкөнүн, достукта жана ар тараптуу кызматташтыкта иш алып барган өнөктөш мамлекеттердин ортосундагы табигый көрүнүш. Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы саясый өңүттөн алып карагандагы мамилелерге кыйыр-түз тийешеси болгон айрым бир көрүнүштөр, жагдайлар бар эле... Экономикалык жактан алганда, негизинен коронавирус пандемиясынын айынан жана ага чейинки кээ бир инвестициялык долбоорлордо жаралган чырлуу жагдайлардын таасири тийгендиги да бар. Ошондуктан өлкө президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон алгачкы иш сапары, Кытай жетекчиси Си Цзиньпин мырза менен жекече көрүшүп, жолугушуусу учурдун талабына абдан жооп берген, тышкы катнаштардагы туура нукта жүргүзүлгөн саясат, өлкө кызыкчылыгындагы ишенимдүү кадам. Дипломатиялык алакаларда мамлекет башчыларынын жекече жолугуп, таанышуусу, айрыкча экинчи өлкөнүн жетекчилигине жаңы лидер келгенде абдан маанилүү жана көп нерсени чечет. 

Президент Садыр Жапаров жана Кытай жетекчиси Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруунун жана ал үчүн үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү, бул бүткүл Борбор Азия үчүн абдан маанилүү экенин белгилешип, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган. Биргелешкен билдирүүгө да камтышты. Тилекке каршы, бул долбоор боюнча кагаз жүзүндө өзүнчө документке кол коюуга жетишпегени менен эң жогорку деңгээлде талкууланып, колдоого алынганы жакшы жышаан болду. Себеби, буга чейин жүйөлүү себептердин айынын темир жол долбоорун ишке ашыруу солгундай түшкөн, эми жакынкы арада биздин тийешелүү адистердин тобу Кытайга барып, долбоорду жүзөгө ашырууга жакындаткан макулдашууларга жетип, кээ бир техникалык маселелерди чечип келет деген үмүттөмүн. Бул долбоор Кыргызстаныбыздын экономикасын локомотив сыяктуу алдыга сүрүп, мультипликативдик натыйжа берерине, жеке эле жүк ташуу, транзиттик киреше алууга эле эмес, башка тармактарга: өнөр жай, тоо-кен, майда жана орто ишкерлик, соода сатык, атамекендик өндүрүмдөрдү ири көлөмдө экспорттоо жаатына да тикелей пайдасын тийгизерине ишенем. 

Деги эле бизге окшогон өнүгүп бара жаткан жаш мамлекетте азыркы тарыхый мерчемде улуттук долбоор жетишпей турганы анык жана бул жагдайды Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан сыяктуу долбоор ордун толтуруп, эгер ийгиликтүү баштап алсак, экономикага эле эмес негизи мамлекеттин, элдин ойгонуу, кайра жаралуу багытына да өз салымын кошмок. Мындай ири долбоорго чет өлкөлөрдө мусапыр болуп жүргөн миң сандаган мигранттарыбызды чакырып келип, өз мекенинде жумуш менен камсыз кылмакпыз. 

Темир жол долбоорунун Кыргызстанга чектешип турган кошуна жана башка да мамлекеттер менен алакаларда геосаясый да, геоэкономикалык да стратегиялуу артыкчылыктарды, утушту алып келчү, бизди атаандаштыкта жарамдуулукка жеткизип, деги эле Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын аброюн, маанисин, ордун көтөрчү касиети бар экенин көңүлгө албасак болбойт.

Кыргызстан аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун ЭСКАТО программасына кирген коридор, Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык каржы институттары каржылаган ЦАРЭС (Борбор Азиялык регионалдык экономикалык кызматташтык) программасынын бешөөнүн төрт коридору, Европа биримдиги демилгелеген “Трасека” программасынын коридорлору өтүп турат. Ушулардын баары автомобиль жолдору болгону менен Кыргызстандын дүйнөлүк экономикада, эл аралык жүк ташууларда келечектүү ролун айгинелейт. 

Бирок, азыркы учурда коронавирус пандемиясы дүйнөдөгү транспорттук жүк ташуу тармагында эң эле маанилүү, керектүү, ыңгайлуу, көлөмдүү, тез жүк ташуу – темир жол аркылуу экенин тастыктап койду. Андыктан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун тезирээк ишке ашыруу – бул замандын талабына, өлкөбүздүн кызыкчылыгына туура келген, кошуна өлкөлөр дүйнөлүк экономикага жуурулушуп, эл аралык коомчулукка карай бет алып өнүгүп бара жатканда, биз да артта калып кетпей, өз ордубузду таап, бекем бутка туруп, күчтүү секирик жасаганга өбөлгө түзчү ишенимдүү кадам болмокчу.

-- Кыргыз-кытай мамилелери боюнча келечекти кандай божомолдойсуз? 

-- “Кошунаны тандабайт” деп коёт эмеспи, ал Жараткандын буйругу. Кыргызда да, кытайларда да бирдей маанидеги “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген накыл сөз бар. Байыртадан Жибек Жолдун башатында турган Кытай менен жолду улап кеткен Кыргызстандын азыр миң чакырым чек ара тилкеси бар, чек аранын нары жагында 200 миңдей боордошторубуз жашайт. Арабызда саясый-дипломатиялык алакаларыбызда чечилбеген, ар тараптуу кызматташууга тоскоол болгон келишпестиктер жок. Эки мамлекет 30 жылдын ичинде ар кыл тармактарда – саясый, экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук тармагында достук, өнөктөштүк мамилелерди түзүп, өз ара пайдалуу кызматташтык жолуна түшүштү. Бул Кыргызстан үчүн да, Кытай үчүн да мааниси, зарылдыгы эбегейсиз. Айрыкча жакынкы жылдары дүйнөлүк түзүлүш, эл аралык катнаштар өзгөрүүлөргө дуушар болуп, ири державалардын кызматташуудан дагы атаандаштыгы курчуп, мунун таасирлери, терс кесепеттери башка кичирээк өлкөлөргө тийгизип коюу тобокели жогорулап жаткан кез. Ошондуктан биздин тышкы саясатта бир тараптуу, бир өңчөй, бир жактын жетегинде калбаган, тең салмактуу позицияны, көп тараптуу багытты кармануу зарыл деп эсептейм. Албетте, анын алкагында жакын кошуна, дүйнөдө экинин бири болуп калган Кытай мамлекети менен достук, өз ара пайдалуу, теңдикте жүргүзүлгөн, ишенимдүү жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелердин туруктуу өнүгүшү биздин келечек максаттарга туура келет демекчимин. Айрыкча басым жасагым келет, тунгуч президентибиз айткандай, океандай болгон Кытай менен кошуналык жагдайыбызды өзгөчө Кыргызстандын экономикасынын келечеги үчүн, дүркүрөп өсүшү үчүн туура пайдалана албасак, кечирилгис мүчүлүштүк болуп калат. Андыктан, кыргыз-кытай мамилелери достук, жакын кошуналык, ийгилик жараткан өнүгүү нугунан чыкпашына, келечегинин кенен болушуна тилектеш элем.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер