Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чаначтай болуп семирген Жаныш Рустенбеков тажиктерге сатылып кеткенби?

Чаначтай болуп семирген Жаныш Рустенбеков тажиктерге сатылып кеткенби?

23-январь, 22:30
782 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт” демекчи, Жаныш Рустенбеков кайсы бийлик болбосун кызматтан түшпөй, улам келген президенттерге кошомат кылуу менен кара жанын бапестеп келет. Акаев бийлигинен бүгүнкү күнгө чейин аттан түшсө да ээрге жармашып, “майлуу устукандын” үстүндө. Учурда Кыргызстандын Тажикстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси. Канча убакыттан бери эки өлкөнүн ортосунда чыр-чатактар орун алып, мекендештерибиздин укугу тебеленип, атургай атылып, камалып аткан окуяларга күбөбүз. Элчи катары Жаныш Рустенбеков үн чыгарып, кыргыздардын таламын талашып, дипломатиялык алкакта өз вазийпасын аткарганын көрө элекпиз. Же Тажикстандын бийлигине сатылып кеткенби? Кара курсагы тойсо, чанач сымалындай семирсе, жеке өзү комфортто жүрсө болду экен да. Мындай элчинин ишмердигине калыс баа берилип, эмне үчүн кызматынан алынбайт? Кылган жакшылыгы жок качанкыга чейин мамлекеттин эсебинен тайраңдайт? Быйыл 73түн тамагын ичип атыптыр, акылына келип, жаштарга орун бошотуу менен кетип калбайбы? Өмүр бою “дүжүрлүк” менен жан сактаган “акшакалдык” арбайына тамам коюлабы? Айтор, суроолор көп! Кайран киши аксакал болбой калды го... 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер