Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубатбек Боронов: “Күз, кыш мезгилдеринде коронавируска чалдыккандар өсүшү мүмкүн”

Кубатбек Боронов: “Күз, кыш мезгилдеринде коронавируска чалдыккандар өсүшү мүмкүн”

10-июнь, 19:19
379 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов күз, кыш мезгилдеринде коронавирус менен ооругандардын саны өсүшү мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал республикалык ыкчам штабдын жыйынында кабарлады.

"Силердин ар бириңердин ишиңерден, жоопкерчиликтүү мамилеңерден, коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде ишке ашыруудан, аларды аткарууну көзөмөлдөөдөн жарандарыбыздын саламаттыгы жана өмүрү көз каранды. Дагы бир ирет кайталайм, ишиңерде эч кандай калпыстыктар жана кемчиликтер болбоого тийиш. Бир түзүмдүн жетишсиз аткарган иши башка ведомстволордун ишинин көлөмүн арттырууга таасирин тийгизет. Бирок эң кооптуусу – ооруга кабылгандардын санынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилик кетирген жооптуу адамдарга тийешелүү чаралар көрүлөт. Күз, кыш мезгилдерине жакшы даярдануу зарыл, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал" деди ал.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактоону көзөмөлдөп, коомдук унааларга жана таксилерге өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды.

"Коомдук жайларда, соода аянттарында, коомдук унааларда жана таксилерде санитардык талаптардын сакталышына туруктуу көзөмөл болууга тийиш. Муну менен катар таксилерди жана коомдук тамактануу жайларын дезинфекциялоо шарт. Мендеги маалымат боюнча кафелерге келген адамдардын ортосунда аралык сакталбай жатат, ал эми такси айдоочулары беткап тагынбай жатышат" дейт Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө "Чалдовар автожол" өткөрмө жайынын иши, калкты сасык тумоого каршы эмдөө, медицина кызматкерлеринин потенциалын арттыруу, ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринде инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү маселелери талкууланды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер