Акылбек Жапаров “эски пластинканын обонунда” гана сайрап калды. Көзгө толумдуу өнүгүү жок!

Буга чейин салыктарды көбөйтүүгө, коммуналдык төлөмдөрдү, электр энергиясына тарифтерди көтөрүүгө күбө болдук. “Жондон кайыш тилүү” жылыга өсүүдө. Андан сырткары, экс-чиновниктерди, ири ишкерлерди “кустуруу” аракеттери көрүлүп келет. Сырттан карыз алуу да барган сайын арбып баратат. Ушундай жолдор менен өлкө бюджетин убактылуу кармап, келечекке карай ири долбоорлордун үстүндө иштегенге жетишпей калдыкпы? Инвестициялык климат өтө начар, сырттан акча, ишкерлер кирбей калганы өкүнүчтүү. Тескерисинче, капчыктуулар чет өлкөлөргө качышууда. Кризис курчуп кетти. Ал эми айлык, пенсияны инфляция “жеп” салууда. Жакырчылык жылдан жылга кулач жайып баратат. Учурда кымбатчылыкты ар бир экинчи адам сезип, кыйналып жашап жатышканы жашыруун эмес. “Өкмөттү өнүктүрөт, өргө сүйрөйт” деген Акылбек Жапаров “эски пластинканын обонунда” гана сайрап калды. Өсүү жок, кедеринен кетүүдөбүз. Акча санаганга азгырылбай, экономиканын ишин илгерилетүүнү билген премьер-министр келмейинче оңолбойт окшойбуз. Качанкыга чейин жашообузду кедейчилик кемтик кылат?..
"Азия Ньюс" гезити