Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райым Матраимовдун төбөсүндөгү сур булут тарап, жаркыраган күн да чыгат

Райым Матраимовдун төбөсүндөгү сур булут тарап, жаркыраган күн да чыгат

26-февраль, 20:11
2 541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2017-жылдын соңунда Алмазбек Атамбаев бийликтен кетип жатып, Райым Матраимовду кызматтан алуу менен бир жактуу каралоого жол ачып койгон. Ошондон тарта бейөкмөтчүлөрдүн, айрым журналист, саясатчылардын эрмегине айланып келет. Акыры сырткы күчтөр да кошулушту, бул жагын бир “оюнга” айлантып алышты.

УКМК Райым Матраимовду камакка алгандан кийин коомчулукта нааразычылыктар башталды. Бишкекте, Кара-Сууда митингдер өттү. Миңдеген адамдардын кыжырдануусу жаралганы байкалууда. Өзгөчө соцтармактан Райым Матраимовду колдогондордун саны арбып, бийликке нааразычылык күчөп баратат. Мындай жагдайда баш коргоо чарасын өзгөртүп, каарманыбызды камактан чыгаруу зарыл. 

Ал буга чейин эч жакка качпай турганын көрсөтүп, мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык каражат төгүп берген. Жаманатты сөздөрдөн арылуу үчүн тергөө менен кызматташууга барып, жасалма жарлыктардан кутулуу таризинде баарына кайыл болду окшойт. “Күнөөсүн мойнуна алды” дегендин артында да айтыла элек сырлар келечекте ачыкталса керек. Алдаштыбы, коркуттубу? Кылбаган ишти моюнга алдырыштыбы? Бул жагынан көп суроолордун түйүнү чечиле элек. Себеби, анын өлкө казынасына, байлыгына кол салуусу дегеле мүмкүн эмес да. Андай бийлиги жок болчу. А бажыда иштеп жүргөн убактарында планды ашыгы менен тапшырып, мамлекет үчүн жигердүү кызмат кылганы маалым. 

Акырында жогору жактагылардын айтканы менен көнүп, шарттарын аткарып берсе да кыянаттык кылышып, эми камап салышканы кандай? Рейтинг көтөрүү үчүн амалданып жатышса, тилекке каршы, бул тескери реакциясын берет. Козголгон кылмыш ишин үй камагына чыгаруу менен териштирүү болбосо, адилетсиздиктин айынан Райым Матраимовду элдик баатырга айлантып алышпайбы?..

Айтор, кайсы бир күчтөр бийликке кысым көрсөтүүдө Райым Матраимовду көтөрө чала козгошуп, саясый шоу уюштурууну адатка айлантышкан. Кыргызстанда жогорку кызматтарда иштеп кеткен байлар өтө көп. Алардын иши жашыруун бойдон калууда. Бул өңүтүнөн да калыстыкты көрө алган жокпуз. 

Кыскасы, Райым Матраимовдун бери дегенде он жылдан берки миңдеген, жүз миңдеген адамдарга жасаган жакшылыгы, кечээги пандемияда элибизди сактап калган эмгеги да эске алынбай, камакта калганы өкүндүрөт. Ооба, бул убактылуу көрүнүш. Буюрса, түрмөнүн жабылган каалгасы да бир күнү ачылып, каарманыбыз эркиндикке чыгат. Маселенин маңызы – саясый кызыкчылык, убактылуу көз жазгыруу менен эркиндигин чектөө ашыкча кетүүнүн көрсөткүчү. Бул сур булут кетип, жаркыраган күн чыгарын унутпайлы. Жашоо күрөш болсо, демек, жеңиши да бар...

Ал эми кечээ Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп, жүрөгү ооруп, ооруканага жатууга аргасыз болуптур. Күйгүзүп атышса кокустады да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер