Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ошто Элмурза Сатыбалдиев, Жалал-Абад облусунда Азизбек Турсунбаев!

Ошто Элмурза Сатыбалдиев, Жалал-Абад облусунда Азизбек Турсунбаев!

04-ноябрь, 16:31
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки инсан тең элине кызмат кылган, жүздөрү бар, мартабалуу агаларыбыз. Генерал Элмурза Сатыбалдиев Өзгөн районунан бир мандаттуу округдан ат салышууда. Талапкерлерин талдабай эле коёлу, бирок тең келе алышпайт.

Элмурза Ракиевич күнөөсүз соттолуп, саясый айыптын негизинде түрмөгө отуруп, жаманчылыкты көрүп чыкты. Табиятынан дандуу, бышык экен, баардык сыноолорго чыдады. Башкы прокурор кезинде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөгө аракет кылган. Ал эми кийин “супарасы курук кеңешчилик” кызматка кеткенде 7-апрель окуясы болду. Ошондо бекеринен Роза Отунбаева баш баш болгон, Алмазбек Атамбаев төш сыңарындай жаңы бийликтин башчылары кайрадан Элмурза Сатыбалдиевди жогорку кызматка сунушташкан эмес да. Эгерде кылмыш иши болсо тартышпайт эле. Демек, дилинде, адамдык сапатында жана ишмердигинде ак адам! Ошон үчүн баа беришкен! Бирок саясый негизде “оюндар жүрүп кетип”, камалууга аргасыздык жаралды...

Ал эми Азизбек Турсунбаев 2005-жылдан бери эл өкүлү катары Ала-Бука, Чаткал округунун экономикалык-социалдык көйгөйлөрү үчүн күрөшүп, өкмөттөн маселе чечүү алкагында көп иштердин өтөсүнө чыкканын жарнама кылгыбыз келбейт. Андан сырткары да жеке көмүскө жардамдары толуп атса керек... Азырынча мактабай туралы. Эң башкысы, ал көп жылдан берки элдин сүймөнчүгүнө айланган! 

Кыскасы, Элмурза Сатыбалдиев да, Азизбек Турсунбаев дагы элге кызмат кыла турган инсандар!. Аны убакыт далилдейт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер