Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кезекте ким? Ажонун “чычканга кебек алдырбаган” доорундагы күмөн саноо...

Кезекте ким? Ажонун “чычканга кебек алдырбаган” доорундагы күмөн саноо...

28-май, 16:20
0 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Ошентип, президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков ири өлчөмдөгү каражат алууга шектелип, түрмөгө камалды. “Эми кезек кимде?” деген суроо Акүйдөн баштап базарларга чейин каңгып кетти. Тар чөйрөдө Каныбек Туманбаевден күмөнсүнгөндөр чыгып атса, шек-шыбыры соо койбойбу? Баардык эле иштер көмүскөдөн быкшып, анан коомчулукка “тарс жарыла” чыга келет эмеспи. Анын сыңарындай, Каныбек Туманбаев да соңку убактары санааркап, бир балээни сезгендей маанайы түшө баштаганы эмнеси? Жумуш кайнаган жерден катачылык кетпей койбойт да, туурабы? Пенде балдары билип-билбей кылган күнөөлөрү үчүн тиги дүйнөдө жооп беришчү эле. Бирок Садыр Жапаровдун “чычканга кебек алдырбаган” доорунан алсак, убагында эле жазага тартылуу вазыйпалары көрүлүп атпайбы. Мындай шартта Каныбек Туманбаев “суудан кургак” чыга алабы, же кандай? Күбүр-шыбырга басынып, күдүктөнгөн эле адамдар көбөйдү. Натыйжада, сабыр сактап, “финалын” күтө туралы...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер