Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте жарандарды Москвага ишке орноштурган борбор ачуу пландалууда

Бишкекте жарандарды Москвага ишке орноштурган борбор ачуу пландалууда

07-июнь, 17:19
299 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте кыргызстандыктарды Россиянын Москва шаарында жумушка орноштурган атайын миграциялык борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык форумда билдиргенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Үстүбүздөгү жылдын март айында Москва шаарынын "Көп функционалдуу миграциялык борбору" менен келишим түзүлгөн. Анын негизги максаты — жарандарды Россиянын аймагында ишке орноштуруу" деди Базарбаев. Анын айтымында, "Көп функционалдуу миграциялык борбордун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мигранттарга дактилоскопиядан жана Россиянын аймагына барганга чейин медициналык күбөлөндүрүү сыяктуу процедуралардан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет.

Борборду ачуу маселеси "Миграциялык борбор" мамлекеттик бюджеттик мекемесинин жетекчилигинин июнь-июль айларындагы Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында чечилет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер