Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Мадылбеков: “Шайлоого аттангандар “паранжаларын” чечкенде “мокочого” айланышат"

Турат Мадылбеков: “Шайлоого аттангандар “паранжаларын” чечкенде “мокочого” айланышат"

22-август, 20:18
876 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тукем менен көптөн бери сүйлөшө элек экенбиз. “Оо, анда көктөм эле, көктөм эле” дегендей, Кыргызстанга аты жаман илдет келе элек болчу. Эч бир жасакерленбей, көкүрөгүндө көптөн бери чогулуп калган көйгөй ойлорун ортого салды.

-- Турат мырза, көрүнбөй кеттиңиз, эмне иш менен алек болуудасыз? Кепти ушундан баштайлы...

-- Ээ Суке, көрүнүп эле жүрөм. Баягыдай саясаттын казанында оргуштап кайнабай, бир аз оолак болуп турам. Оргу-баргы ойлору менен оозуна келгендерди оттой берип, саясаттын баркын өтө төмөн түшүрүп жиберген популисттер көбөйдү. Жашы деле, карысы деле сүйлөгөндөрү саясат, илим-билим, тажрыйба дегенден дайын-дарек жок. Антейин десең, мындай жат көрүнүш бийликтин бийик бутактарында да байкалат. Жогорку Кеңештин соңку, 6-чакырылышындагы депутаттардын 90 пайызы адамгерчилик парасаты, акыл көрөңгөлөрү өтө төмөн. Анан карапайым элди айтып не кылабыз? “Эмне иш менен алек болуудасыз?” дедиң. Айтайын, тиги жагы Кемин, бу жагы Сосновкага чейин кыдырып, ар дайым эл менен аралашып, алардын ой пикирлерин угуп, камыр-жумур болуп турам. Кызыгы, көпчүлүк карапайым элдин сот органдарына болгон нааразычылыктары арбын экен. Албетте, кесибим юрист, 30 жылдык бай тажрыйбам алардын көйгөйүн угууга жана ошол эле учурда болгон кеп-кеңешимди, жардамымды өз учурунда бергенге аракетимди кылып келем. Ооба, карапайым эл бекеринен сот органдарына нааразычылыктарын, алардын адилетсиз иш аракеттерин мага айтып жатышкан жок. Бул жаатта эч бир реформа, анын жыты да көрүнбөй атканын баарыбыз билип, сезип турабыз. Акчанын кулу болуп калышыптыр. Алар ошентип аткандан кийин башка жагын айтпай тек коёлу. 

-- Сөзүңүзгө аралжы, 6-чакырылыштын депутаттарына, алардын ишмердүүлүгүнө катуу сын айттыңыз. Болору болду, боёсу канды. Келаткан парламенттик шайлоо жөнүндө ой калчайлы. Мен билгенден, сиз “Ата Мекен” партиясынан эбак чыгып кеткенсиз. Сизге чейин да Өмүрбек Абрахманов, Равшан Жээнбеков, раматылык Эркин Алымбеков ж.б. чыгып кетишкен. Өз учурунда “Ата Мекен” партиясынын сары өзөн Чүйдүн башкы координаты болуп миңдеген электорат топтогонсуз, бул кашкайган чындык. Ушуларды эске алышып, башка партиялардан “жуучу” түшө элекпи?

-- Бекеринен 6-чакырылыштын депутаттарына, алардын 90 пайызына асылганым жок. Алар өздөрү деле кыргыздын келечегине сокку уруп атышкандарын билишпейт. Өздөрүнүн үн катпаганы, кайдыгерлиги, кетирген кемчиликтери менен эл оозунда калышты. Анткени, ЖКда отурган 6 фракциянын депутаттарын Алмазбек Атамбаев өзү тандап алган. Бекеринен “булар мен тандаган адамдар” деп, акыры “чимкириктер” экенин айтты да. Бул сөз түшүнгөн адамга жетиштүү эле болсо керек. Албетте, арасында мен сыйлаган депутаттар жок эмес. Эми “жуучу” деп калдыңыз, бир топ партиялардан сунуш түшүп, анын экөөнөн баш тарттым, анын жүйөлүү себептери бар. Жакында боло турган парламенттик шайлоо партиялардын ортосунда эмес, акчалардын ортосунда катуу күрөш боло тургансып калды. А карапайым эл партия дегенди көрөйүн деген көздөрү жок. Шайлоо учурунда баары эле сүттөн ак, үлпүлдөк болуп, “паранжаларын” чечкенден кийин “мокочо” болуп чыга калып атышпайбы. Учурдагы элдин нааразычылыктары да ушундан окшойт да. Азырынча бизге акчасы жок, элине патриот, турмуштук тажрыйбасы бар, мамлекеттик түзүлүштү тереңден түшүнгөн, өлкөнүн экономикасын канткенде алдыга жылдыруунун жолун билген, геосаясатты кантип жүргүзүүнү билген (!), мына ушундай жогорку деңгээлдеги саясатчылар келмейин, элдин нааразычылыгы күчөй берет. Муну элдин баары билип калды.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер