Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Максат Мамытканов жаңы өкмөттүн курамына илинбей калабы?
Максат Мамытканов жаңы өкмөттүн курамына илинбей калабы?
17-январь, 21:26

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов эр ортону 50 жашка чыгып, тар чөйрөдө жууптур. Кут болсун! Бирок, эмне ишти бүтүрүп атканы көпчүлүккө белгисиз. Биздин байкаганыбыз боюнча, анын костюму жаңырды, кабак-кашында жасалма сүр пайда болуп, кээде популизмге берилүү менен бакылдап интервью бере калат. Дегенибиз, ооз менен орок орбой, реалдуу ишти качан көрсөтөт? Же жерге түшпөй асманда калкып жүрө береби? Айтор, Максат Мамытканов оппозициялык маанайда жүргөндө акыл үйрөтүп, бийликти жылма сындачу эле. А кызматка келгенде өзүн көрсөтө албай атканы эмнени билдирет? Жаңы өкмөт келсе эски жайытына орун которобу?..
"Азия Ньюс" гезити