Расул Тулеев, эксперт: “Бизде жеке менчикти коргоо багытында кооптуу абал түзүлүп, капитал кирбей жатат”

-- Буга дейре инвесторлор кескин суюлуп, ишкерликтин гүлдөп өнүкпөгөнү эмне себептен?
-- Биринчиден, биздин экономиканын суроо-талабы өтө тар, чоң ишкана ачыш үчүн анын продукциясын сөзсүз түрдө экспортко чыгарыш керек. Бул болсо продукциянын өз наркын көбөйтөт. Экинчиден, Кыргызстанда логистика аябай кымбат. Өзгөчө өлкө ичиндеги түндүк-түштүк арасында жүк ташууда темир жол жок, жалаң унаа жолдор. Бул эң кымбат логистикалык жол. Үчүнчүдөн, бизнес, өзгөчө өндүрүш жалаң кредиттик капиталдар менен иш кылышат. Бизде болсо кредиттик чендер өтө жогору жана шарттары ыңгайсыз. Төртүнчүдөн, кредиттик чендер жогору болгондуктан, бош акча каражаттар жок жана бизнеске капитал топтоого шарттар үзгүлтүккө учураган. Бешинчиден, кесипкөй адистердин жетишсиздиги. Өзгөчө маркетинг багытында, инженердик-техникалык тармактарда адистер жокко эсе. Азыркы учурда креативдүү жана илим-билимдин доорунда бул адистер сөзсүз керектелет. Алтынчыдан, саясый туруксуздук жана жеке менчикти коргоо багытында кооптуу абал болгондуктан, капитал кирбей жатат.
"Азия Ньюс" гезити