Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектин түштүк кичирайондорундагы жалгыз гезит саткан киоскини алып салышты

Бишкектин түштүк кичирайондорундагы жалгыз гезит саткан киоскини алып салышты

28-сентябрь, 21:16
391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Асанбай жана 11-12-кичирайондорунда гезит саткан жалгыз киоски бар эле. Аз күн мурда мэрия аны алдырып салыптыр. Ушундай эрдик жасады. Эми гезит алуу үчүн шаардын борбор тарабына барууга туура келет. Ансыз да басма сөзгө ар тарабынан тоскоолдуктар жаралып жатканда, Бишкек мэриясынын мындай жоругу акылга сыябы? Бул кичирайондордо эл жыш жайланышып, он миңдеген адамдар жашаса, анан гезит саткан бир киоски болбогону кандай? Жогорку бийликтегилер да түшүнүшпөйт экен. Басма сөздүн, маалымат алуунун, агартуучулуктун кендири кесилүүдө. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” демекчи, азыр аң-сезимдүү билермандар да калбай калганы таңгалдырат. Ушундай заманда жашап калдык. Ал эми өнүккөн чет өлкөлөрдө мамлекет тарабынан гезиттерге кам көрүү, колдоо көрүлөрүн окуп, көрүп келатабыз. Бизде болсо кыянатчылык гана жасалууда. Мындай караңгылыктан качан чыгабыз?..

Эске салсак, 2021-жылдан бери Бишкек шаарындагы киоскилерди тазалоо аракеттери көрүлүп, бул “демилгени” Эмилбек Абдыкадыров баштап, кечиримсиз ишин жасаган. Анын мындай ашмалтай жоругун Айбек Жунушалиев улантууда. Ырысы жок элдин башчылары ушундай болобу?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер